Skip to main content
Асанбек Пазыл

Асанбек Пазыл

By Asanbek Pazyl

Бул - кыргызча подкасттар ааламы. Уксаңыз өкүнбөйсүз!
Available on
Apple Podcasts Logo
Google Podcasts Logo
Pocket Casts Logo
RadioPublic Logo
Spotify Logo
Currently playing episode

Жолболдунун Чолпону

Асанбек ПазылAug 07, 2020

00:00
05:49
Илим Карыпбеков: Ленин чокусуна чыгып түшүү оңой болгон жок!

Илим Карыпбеков: Ленин чокусуна чыгып түшүү оңой болгон жок!

Кыргыз Республикасынын Альпинизм федерациясынын Вице-президенти Илим Карыпбеков 16-июлда Чоң-Алайдагы 7134 метр бийиктиктеги Ленин пикти багындырды. Ал бул ийгилигинен кийин Eurasia Today сайтына маек куруп, Ленин пикке чыгып түшкөндөгү кыйынчылыктар, кубанычтар тууралуу кеп салды. Карыпбеков кыл чокуда туруп жеңишин онкологиялык оорулар менен алпурушкан бейтаптарга арнап, дүйнө элдерин бул оорулууларга жардам берүүгө чакырды.

Jul 19, 202211:53
М.Мырзабаев, теолог: «Мектептерде дин сабагынын окутулушу туура, бирок бир топ жагдайлар бар...»

М.Мырзабаев, теолог: «Мектептерде дин сабагынын окутулушу туура, бирок бир топ жагдайлар бар...»

Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен жаңы окуу жылынан тартып өлкөбүздүн баардык мектептеринде менчигинин түрүнө карабастан “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметин киргизилүүдө. Бирок бул маселенин тегерегинде коомчулукта ар кандай пикирлер айтылып жатат. Биз теолог, дин социологиясы боюнча адис, “Ислам изилдөө илимий институтунун директору Маметбек Мырзабаев менен маектештик.

Jun 21, 202232:48
Бөтөнөев: -Куугунтук курмандыктарынын сырдуу тагдырлары эми ачылды...

Бөтөнөев: -Куугунтук курмандыктарынын сырдуу тагдырлары эми ачылды...

Жакында “Кыргызстандагы куугунтук курмандыктары” аттуу үч бөлүктөн турган китептин биринчи тому жарык көрдү. Ага XX кылымдын 20-30-жылдарындагы куугунтук курмандыктары тууралуу документалдуу маалыматтар камтылган. Китептин автору, тарых илимдеринин кандидаты Жолдошбек Бөтөнөев бул эмгекти дээрлик 15 жыл топтогон. Анын айтымында, куугунтук курмандыгы болгон жарандар тууралуу китептин кийинки томдору жакынкы убактарда чыгат. Бул эмгектин уникалдуулугу эмнеде экенин автордун оозунан угалы.

May 23, 202216:23
Абдуллаев: Аракка деле, китепке дале 12 пайыз кошумча нарк салыгын алуу туура эмес

Абдуллаев: Аракка деле, китепке дале 12 пайыз кошумча нарк салыгын алуу туура эмес

Акыркы убактарда коомчулукта китеп окууга болгон кызыгуу көбөйүп баратканы байкалууда. Аны менен катар дүйнөлүк популярдуу, бестселлер китептерди которуу иши да жандана баштады. Учурда онго жакын басма үйлөр менен коомдук фонддор котормо менен алектенип жатышат. Мындай китеп которуу менен алектенгендердин бири “Китепстан” басма үйүн айтууга болот. Анын жетекчиси Бакытбек Абдуллаев Eurasiatoday сайтына маек куруп, бул жумуштун ысык-суугун айтып берди. Ошондой эле азыр коомчулуктун китеп окууга болгон мамилеси өзгөргөнүн белгилеп, китеп окууну жайылтуу жолдорун сунуштады.

Dec 29, 202112:24
Н.Арипов -Кыргызстан кайсы бир диний кыймылдардын таасирлеринде калып калышы мүмкүн эмес

Н.Арипов -Кыргызстан кайсы бир диний кыймылдардын таасирлеринде калып калышы мүмкүн эмес

Кыргызстанда тыюу салынган “Талибан” кыймылы Ооганстанда бийликке келгенден кийин кошуна мамлекеттерде, анын ичинде Борбор Азияда айрым террордук топтор баш көтөрүшү мүмкүн деген божомолдор айтылган. Учурда Кыргызстанда диний радикалдуу топтордун аракети байкалган жокпу деген суроонун айланасында Теология илимдеринин доктору, доцент Ниязалы Арипов. Ага диний багыттагы башка суроолор да узатылды.

Oct 12, 202115:22
К.Мурзахалилов:“Ашраф Гани коррупция, жумушсуздук, социалдык маселелерди чечпегендиктен, “Талибанга” бийлигин тарттырып койду...”

К.Мурзахалилов:“Ашраф Гани коррупция, жумушсуздук, социалдык маселелерди чечпегендиктен, “Талибанга” бийлигин тарттырып койду...”

Кыргызстанда тыюу салынган “Талибан” кыймылы Ооганистанда бийликти толук колго алгандыгын жарыялагандан бери эки айга жакын убакыт өттү. Бирок алардын бийлигин эл аралык коомчулук расмий түрдө тааныбаган менен кыйыр түрдө кызматташып, ар кандай деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштады. Ошол эле учурда Афганистан менен чектешкен Борбор Азия мамлекеттери талибдердин кол салуусунан чочулап, чектеш аймактарда өз ара жана биргелешкен аскердик машыгууларды жүргүзүүдө. Деги эле “Кошуна мамлекеттерге кол салбайбыз”,- деп жарыялаган менен “Талибандын” биздин чөлкөмгө кандай коркунучтары бар? Биз ушул жана башка суроолордун тегерегинде дин маселелри боюнча эксперт Канатбек Мурзахалилов менен маектештик.

Oct 11, 202120:54
Азизбек Ашуров: -Качкындарга мамлекет акча бербейт, жан багууга мүмкүндүк берет

Азизбек Ашуров: -Качкындарга мамлекет акча бербейт, жан багууга мүмкүндүк берет

“Качкын” деген ким? Бул статусту алган чет өлкөлүк жаран ошол мамлекеттен акчалай жардам алабы? “Качкын” статусуна ээ болгон адамдар кандай мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалана алышат? Эгер Ооганстандан Кыргызстанга качкындар келсе, аларды алгачкы кабыл алуу процедурасы кандай? Памирдеги этникалык кыргыздарды азыр кандай алып келебиз? Алар качкын болобу же болбойбу? Мына ушул сыяктуу суроолорго белгилүү мигациялык юрист Азизбек Ашуров түшүндүрмө берди.

Aug 20, 202119:37
Оогандар “Көк бөрүнү” Манас Ниязовдон үйрөнүүнү каалашат...

Оогандар “Көк бөрүнү” Манас Ниязовдон үйрөнүүнү каалашат...

“Көк бөрү” оюну – Ооганстанда популярдуу ат оюндарынын бири боло баштады. Алар «Боз кеши» деп аташат. Муну акыркы жылдары улуттук оюн катары ооган коомчулугуна активдүү киргизе башташты. Оюндун ыкмаларын Кыргызстандан үйрөнүп, кыргыздардын ыкмаларын көбүрөөк үлгү кылышууда. “Көк бөрүгө” кызыккандар аттарды Кыргызстандан сатып кетишүүдө. Жакында эле 4 ат алып кетишти. Бул өлкөдө саясий кырдаал туруктуу болбогондуктан, ээн эркин ат минип, оюн уюштуруу кооптуу. Андыктан, атайын аскерий күчтөрүнүн коопсуздукту сактап берүүсү менен гана өтөт.

Ооган элинин “Көк бөрү” тартуу ыкмалары тууралуу угуңуздар.


Фото: Зафер Динчер

Mar 01, 202110:00
Бакыт Мукул: Биздин бир кинонун бюджети Батышта бир актёрдун бир айлык маянасы экен...

Бакыт Мукул: Биздин бир кинонун бюджети Батышта бир актёрдун бир айлык маянасы экен...

Белгилүү актёр, кинорежиссёр Бакыт Мукул менен өзүнүн чыгармачылыгы, бүгүнкү күндөгү кыргыз киносунун абалы жана жалпы эле маданият тармагынын түмөн-түйшүктүү, көйгөйлүү маселелери тууралуу маектештик.

Маекти кесиптешим Эмилбек Момунов алып барат.

Mar 01, 202144:21
Салафизм Борбор Азияга канчалык коркунуч жаратат?

Салафизм Борбор Азияга канчалык коркунуч жаратат?

Бул чыгарылышта ислам дининин бир бутагы катары саналган салафизм тууралуу кеп кылабыз.

Дегеле салафизм багыты кайдан келип чыккан? Анын Борбор Азия мамлекеттеринде ишмердүүлүгү кандай жана көздөгөн максаты эмне? Бул аймактагы мамлекеттеринин салафизмге каршы биргелешкен кандай координацияланган иш аракеттери бар? Бул агымдын Борбор Азия чөлкөмүндө жайылтуунун максаты эмне жана чөлкөмгө канчалык коркунуч жаратат?

Мына ушул жана башка суроолордун тегерегинде Кыргызстандагы дин маселелери боюнча белгилүү эксперт, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун мурдагы орун басары Канатбек Мурзахалилов менен маек жүргүздүк. Маекти кесиптешим Эмил Момунов алып барды.

Dec 02, 202030:09
Ооганстанда террордук чабуулдан куткарылган Айгүлдүн окуясы

Ооганстанда террордук чабуулдан куткарылган Айгүлдүн окуясы

Миграциялык агым Айгүлдү (аты өзгөртүлдү) да жөн койбой, аны Ооганстандын Кабул шаарына 2015-жылы алып барат. Бул өлкөдө жашоо кооптуу болгонуна карабай, тобокелчилик менен иштеп жүрөт. Бирок ал бир жылдан кийин террордук чабуулга туш болот. Айтып отурса, зээниң кейийт. Кадимки эле кино.

Ал чабуулда Айгүл менен кошо кыргыз улутундагы дагы 7 кыз болгон. Алар бир бөлмөдө өз өлүмүн күтүп 13 сааттай отурушат. Террордук топтун өкүлдөрү акыры кирип бараарына бөркүндөй ишенип: "Киришсе эле жардырат же атып өлтүрөт, ошондо жок дегенде биздин жүзүбүз таза калсын, бетибиз аркылуу таанышсын",-деген максатта эшикке артын салып отурушат. Жакын арада чыгып жаткан автоматтын атылганы,  жарылып жаткан гранаталар, акыркы дем менен кыйкырып, өлүп бараткан адамдардын үндөрү - аларды мындар ары жашоого үмүтүн такыр үзөт... Бири-бири менен бир нече жолу коштошушат...

Тилекке жараша, Айгүлдөр куткарылат... Ал күн коркунучтуу жана унутулгус болуп анын эсинде түбөлүккө сакталып калды.

Ооганстанда террордук чабуулдан куткарылган Айгүлдүн окуясын угуңуз...

P.S.: Иллюстрациялык сүрөт колдонулду

Nov 16, 202014:12
Коронавирус тууралуу сиз унуткан фактлар...

Коронавирус тууралуу сиз унуткан фактлар...

Коронавирус илдети адеп башталганда, аны менен күрөшүү, алдын алуу чаралары тууралуу кеп болот.

Oct 28, 202039:43
Руханий жардылык пандемиясы же абийир карантини...

Руханий жардылык пандемиясы же абийир карантини...

КР Эл жазуучусу Султан Раевдин бул «Руханий жардылык пандемиясы же абийир карантини» деген ой толгоосу – адамды адам катары өзүн таанып билүүсүнө үндөйт. Коронавирустук пандемиядан улам, карантинге кеткен бүткүл дүйнө жүзүн бир саамга ойлонууга чакырат. Бул карантин – абийир карантини!

Подкастты уксаңыз жан дүйнөңүз жашылданып, көңүлүңүз ачылат. Абийир карантининде бир саамга ойлоносуз.

Oct 27, 202015:07
Жолболдунун Чолпону

Жолболдунун Чолпону

Жолболду Алыбаев деген ат фольклордук чыгармаларды аткарган инсанга таандык деп билебиз. Ал заманчыл акындардын чыгармаларына жана элдик ырларга кайрадан жан берип, 70-80-жылдары эл оозуна алына баштаган. Лирикалык “Чолпонум” аттуу чыгармасы эмдигиче актуалдуулугун жоготкон жок. Анын аткаруусундагы ырларды, дастандарды улуу муундун өкүлдөрү эмдигиче күтүп жүрүп угушат.

Aug 07, 202005:49
Кайберен

Кайберен

Кайберенге аңчылык кылууга тыюу салынгандыктан, бул материал менен адамдарды кийикке чыгууга үндөбөйбүз. Болгону ууга чыгып, жолу болгон мергендердин салттарын айтып бергени турабыз.

Азыркы учурда аңга курал көтөргөндөр четтен чыгат. Тыюу салуу менен болбосу анча-мынча кайберендин этин жеп калганыбыз айгинелейт. Бирок ошентсе да, өмүрүндө кийикке чыгып, аң уулоону адат кылып, кийин ал кесибин неберелерине өткөрүп берген алай-куулук Байдылда аксакалды кепке тарткан элек. Ал, кайберенге ууга чыгуунун илгертен калган салттары, атып алса, кошо баргандарга бөлүү, кайтып келе жаткандагы “шыралганын” маани-маңызы жана башка ушулар сыяктуу, эстен чыгып бараткан салттары тууралуу айтып берди.

Jul 28, 202005:16
Ишке ашкан канаттуу кыял

Ишке ашкан канаттуу кыял

Америкалык скрипкачы, музыкант Гаэлинн Ли менен тааныштырабыз. Ал тубаса майып. Башкача айтканда, колу-бутунун сөөктөрү өспөй калган. Андыктан ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарын коргоп жүрөт. Ли скрипканын кылдарында кол ойнотуп, жан дүйнөсү музыкага багынган. Ал бир топ мамлекеттерге чыгып, концерт коюп келгенге да жетишкен. Жакында Гаэлинн Ли Борбор Азия мамлекеттерине он-лайн концерт берди.

Ал Кыргызстандан “Биринчи радионун” суроолоруна да жооп бергенге үлгүрдү. Ли тууралуу подкасттан толук угуңуз.

Jul 27, 202010:42
"Кезүү"

"Кезүү"

Эгер, “Кезүү” подкастын толук уксаңыз, кой кайтарган жаштык кезиңизге барасыз, кезүүгө көтөрүп барган азыгыңыздын даамын татасыз. Кой кайтарып жүрүп, күңгөйдүн ышкыны менен боткогун терип жеген жайыттар барып келесиз.

Айтмакчы, бул подкастты угуп болгондон кийин айылга барып, бир күн кезүү кайтарып келиңиз!!! Жандыкты жайытка жайып коюп, асманда чакчагайдын сайраганын тыңшаганча, алып барган тамагыңызды татып, атты тээ кырга аркандап, чалкалай жата китеп окуйсуз. Кезүүнүн алды-артына көз салып, бийик чокуга чыгасыз дагы микробу жок тоолордун абасынан кере-кере дем аласыз.

Эмесе, кеттик айылга, айыл жыттанган, кезүү жыттанган подкастты угалы!!!

Jun 25, 202030:01