Skip to main content
Кажы-Кужу

Кажы-Кужу

By Контентчи

«Кажы-Кужу» – кыргыз тилдүү эң алгачкы подкаст. Анын демөөрчүлөрү жана жаратуучулары – Германиядан Азамат Токтакунов жана Кыргызстандан Жаныбек Мукашов. Эки жаратман бул подкастка ар кайсыл чөйрөдөн кызыктуу инсандарды конокко чакырып, алар менен жашоо, кесип жана хобби тууралуу маек курушат. Бул чакан долбоордун негизги максаты кыргыз тилинде сапаттуу маалыматтарды көбөйтүп жана жайылтып, эл арасындагы коммуникацияны тереңдетүүгө багытталган.
Available on
Apple Podcasts Logo
Google Podcasts Logo
Pocket Casts Logo
RadioPublic Logo
Spotify Logo
Currently playing episode

#60 Музыка жаратуу жана кесипкөйлүк

Кажы-КужуSep 16, 2022

00:00
50:59
#60 Музыка жаратуу жана кесипкөйлүк

#60 Музыка жаратуу жана кесипкөйлүк

Мазмуну
0:06 Жаныбек Мукаштан подкаст башы
0:25 Дастан Биримкулов. Кесиби жана өзү жөнүндө.
1:22 Музыка дуйнөсү, адамдар музыканы эмне себептен үйрөнүүсү керек? Музыка адам баласына эмнеге керектелет? Классикалык музыканын мааниси жана таасири?
6:50 Кыргызстандык музыкант кантип өз потенциалын колдонуп каражат тапса болот? Монетизация жасоонун жолдору, түрлөрү. 12:23 Бишкек шаарында музыканттар эмне себептен көчөгө өз алдынча чыгып эл астында ойношпойт? Жакшы идеянын жарыяланышы.
19:49 Техникалык кыйынчылыктардын башка дагы кандай кыйынчылыктар бар? Жаш курагы ортолоп калган адамдар музыкалык аспаптарын үйрөнүү мүмкүнбү? Кандай талаптар бар?
22:13 Кыргыз музыкалык аспаптары канча түргө бөлүнөт?
23:51 Дастан мырзадан угармандарга эки кеп сөз.
25:18 Жакын арада пландалып жаткан концерттер тууралуу. Жергиликтүү автордук музыканы колдоо көйгөйү. Таланттуу жергиликтүү композиторлордун ийгилиги эмнеден көз каранды?
30:34 Кыргыз искусство адамдарынын жеке портфолио түзүү темасы. Колдонулуп жана кетирип жиберген мүмкүнчүлүктөр, контент жаратуу, жеке бренд түзүүдө маркетингдин орду.
45:20 Элдин музыка маданиятына болгон көз карашынын европалыктар менен кыргыздардын айырмачылыгы эмне себептен келип чыккан?
50:18 Подкасттын соңу.

Sep 16, 202250:59
#59 "Чөйрөнүн" келечектеги кадамдары

#59 "Чөйрөнүн" келечектеги кадамдары

Мазмуну
0:12 Азамат Токтакуновдон саламдашуу
2:16 Тааныштыруу. Махабат Садырбек
3:33 Чөйрөнү жасоодо бир нече этаптардан кийин, универсалдуу бир платформа жасоо аракетинин жыйынтыгы кандай болду? Чөйрөнүн азыркы варианты кандай?
06:54 Тааныштыруу. Азамат Жаманкулов
07:34 Келечек Дижитал командасында иштер кандай жүрүп жатат? Чөйрөнүн идеясына кандайча ишенип кошулуп калдыңар? Бишкекте Чөйрөнүн идеялары кандай кабыл алынып жатат
12:23 Тааныштыруу. Гулира Калыкова
12:50 Стамбулда туруп иштер кандай жүрүп жатат? Чөйрө платформасы иштерди кандай алып барып жатат?
16:59 Тааныштыруу. Мээрим Абдрахман кызы.
17:20 Чөйрөчүлөрдүн долбоорлордогу ички процесстери кандай жүрүп жатат? Өз тажрыйба таржымалы кандай?
24:33 Азамат Токтакуновдун Чөйрө платформасын жасап, иштетүүдөгү тажрыйбасы. Чөйрөнүн келечеги кандай болуш керек? Чөйрөнү ким үчүн жасап жатабыз? Чөйрөнү өнүктүрүүдө кайсы нукка бурулуусу керек?
35:15 Чөйрө платформасын жаңы кошула турган жаратмандарга кантип жеткире алабыз? Эл арасына кандай кадамдар менен жайылта алабыз? Ушул жолдогу кийинки кадамдарыбыз кандай болуусу керек?
35:35 Чөйрө платформасы бул жеңил, көңүл ачуучу жер эмес, тескерисинче оор салмактуу, иштөөнү каалаган жана иштеп жаткан жаратмандар болгон жер.
49:32 Кызыктуу маек, кызыктуу подкасттын соңу.

Sep 08, 202249:45
#58 IT аркылуу мекендештердин жашоосун өзгөрткөн замандаштар 

#58 IT аркылуу мекендештердин жашоосун өзгөрткөн замандаштар 

Мазмуну

0:08 Азамат Токтакуновдон кириш сөз. Жер жүзүнүн төрт бурчунан коноктор менен ITнин келечеги, кандай иштер жасалды жана дагы кандай иштер болот? Келечек, Чырак долбоорлору бүтүп, кандай жыйынтыктар болду?
1:17 Тааныштыруу. Сейитбек Усманов
2:12 Getforce буткемптин идеясы кайдан келип чыккан? Кандай жыйынтыктар болду? Азыр кандай иштеп жатат жана кийинки пландар кандай?
4:56 Getforceтун пландары тууралуу кененирэээк маалымат. Дагы башка идеялар жана долбоорлор тураалуу? Бакыт Абдишов, Али Токтакунов менен коллаборациялар эмне жонундо?
8:39 IT окутуу идеясы кандайча келип чыкты?
9:14 Тааныштыруу. Бакыт Абдишов
10:07 Сейитбек Усманов жана Тимур Моун менен таанышуу. Келечек долбоорунун идеясынын жаралуусу. Келечек долбоорунан жыйынтыктар.
14:54 Тааныштыруу. Тимур Моун
15:40 Келечек, Чырак, IT классика долбоорлорунан кийин азыр, келечекте кандай иштер пландалып жатат?
26:10 Чөйрө долбоорунун иштери. Чөйрөчүлөр жана долбоорлор. Эми кандай иштерди жасоо мүмкүн? Долбоорлорду ишке ашыруудагы көйгөйлөр жана чечүү жолдору?
32:58 Айдана Омурбаеванын Tech talk каналынын кыргызстандыктарга болгон пайдасы, ютуб видеолорунун салымы чоң болду. Дүйнөнүнүн төрт бурчунан менторлордун жардамы кыргызстандыктардын жашоосунун өзгөрүүсүнө салымы чоң. Маалымат таратуунун пайдасы.
40:32 Жылдыз академиясынын кийинки пландары кандай? Дагы бекер IT окутуу долбоорлору болобу?
52:13 IT темасы тууралуу эң эле ачык подкасттын соңу.

Sep 02, 202255:06
#57 Германиядагы уюмдар жана алардын кызматташтыгы

#57 Германиядагы уюмдар жана алардын кызматташтыгы

Мазмуну

0:05 Азамат Токтакуновдон кириш сөз. Германияда кыргыздарга уюм түзүү кереги барбы? Германияда кыргыздардын 16 уюму бар, уюмдар кандай иш алып барат жана алардын максаттары кандай?
0:58 Тааныштыруу. Гүлмайрам Чигдем.
1:33 Жаңы түзүлгөн “Мурас” кыргыз-казак-герман уюму жана ал кандай иш алып барат? Уюмдун максаттары кандай?
6:55 Кыргыз-Герман ИТ уюму.
7:35 Тааныштыруу. Эркин Карымшак.
8:12 Кыргыз-Герман ИТ уюму кандай максатта түзүлдү? Дагы бир уюм түзүү кереги бар беле? Кандай долбоорлор жасалып жатат? Башка уюмдардан айырмасы кандай?
13:20 Кыргыз Гамбург уюму.
13:39 Тааныштыруу. Адилет Шаршекеев.
14:09 Кыргыз Гамбург уюму түзүлөбү? Азыркы статусу кандай? Уюмдун тарыхы кандай?
17:24 Уюмдардын мындан кийинки максаттары кандай? Кандай көйгөйлөр бар, сүйлөшүүлөр болуп жатабы? Уюм жетекчиси катары кандай максаттарды коюп жатасыздар? Жаңы келген кыргыздардын максаттары, көйгөйлөрү кандай?
30:46 Иш боюнча келген кыргыздарга алдын ала маалымат беруу көйгөйү? Уюм жетекчилеринин федерация түзүлүүсүнө ой-пикириңиздер кандай?
44:20 Позитивдүү нотада подкасттын соңу.

Aug 26, 202245:53
#56 Европадагы кыргыздардын конфедерациясын түзүү демилгеси

#56 Европадагы кыргыздардын конфедерациясын түзүү демилгеси

Мазмуну
0:05 Жаңы сезон. Азамат Токтакуновдон кириш сөз
1:05 Тааныштыруу. Азамат Исмаилов
2:15 Европада федерация, конфедерация түзүү идеясы кайдан жана кимден келип чыкты? Федерация түзүүгө кандай себептер бар?
5:43 Тааныштыруу. Нуран Мукаш
6:40 Федерация түзүүнүн кереги барбы? Европадагы кыргыздар федерацияга биригүүгө даярбы?
11:22 Тааныштыруу. Махабат Садырбек
13:33 Федерация кантип ишке ашырылышы керек? Кандай тексттер жазылышы керек? Федерацияны түзүүдө негизи эмнелер кажет?
15:55 Чөйрө платформасынын түзүүлүшү, жана дагы кандай потенциал бар?
17:54 Эмне себептен диаспора эмес, федерация термини? Конфедерациянын башкаруу системасы, каражат жагы кандай болот? Меморандум бул кандай болгон макулдашуу, жана кимдердин арасында? Амбициясы чоң лидерлерди бириктирүү оңойбу? Конфедерациянын иш алпаруу жолдору. Уюмдардын конфедерация ичиндеги укуктары.
27:30 Федерация терминин талкуулоо. Диаспора термининин орду жана мааниси. Уюмдарды каттоо тартиби. Меморандумдун түзүлүшү. Конфедерацияга расмий офис даярдыгы.
33:30 Нейтралдуу Чөйрө платформасынын мүмкүнчүлүктөрү. Федерация түзүүдө Чөйрө платформасынын пайдасы, келечектеги потенциалдары.
38:41 Жыйынтыктоо.

Aug 18, 202239:22
#55 Миграциядагы айымдар жана мигранттардын көйгөйлөрү, мигранттардын кабылган суроолору, учурдагы мигранттарга мүмкүнчүлүктөр тууралуу подкаст

#55 Миграциядагы айымдар жана мигранттардын көйгөйлөрү, мигранттардын кабылган суроолору, учурдагы мигранттарга мүмкүнчүлүктөр тууралуу подкаст

Бүгүн бизде конокто 10 жылдан бери Малайзияда жашап, эмгектенген Айгүл Акималиева болду. МоМ менен келишимдин негизиндеги акыркы подкаст жана бул подкастта миграциядагы айымдардын дээрлик жалпыланган көйгөйлөрү тууралуу сөз болду.

Мазмуну
0:22 Таанышуу
2:45 Мигранттардын көйгөйлүү темалары. Үй-бүлө тууралуу, мигранттык жолунун башы Россияда. Мигранттар тууралуу жаңылыш түшүнүктөр.
6:36 Мигранттардын маалымат жетишсиздигинен тарткан кыйынчылыктар. Укуктарын билбегендиктен тарткан кыргыз жарандардын кыйынчылыктары да, көбүнесе маалыматтын жоктугунан келип чыгат. Аялдардын тарткан кыйынчылыктары, жана аялзатына чакыруу.
10:45 Адамдардын ишенчээктиги, андан келип чыккан ситуациялар.
12:22 Жеке тажрыйба тууралуу жана азыркы Кыргызстандагы акыбалга көз караш. Жаштар тууралуу ою. Билимге чакыруу.
15:22 Автордон “Келечек”, “Чырак” долбоорлору тууралуу, азыркы замандын кыз-келиндеринин билимге, ITге болгон умтулуусу тууралуу маалымат.
18:40 Экспорт жана импорт тууралуу кеп кеңештер. Кыргызстандагы аш-заттардын чет жердеги заттар менен айырмачылыгы. 21:05 МоМ менен келишимдин негизинде жаздырылган подкасттарда көп маалымат топтолду.
22:25 Акыркы сөз, чакырыктар жана кеңештер, подкасттын соңу.

Apr 14, 202226:51
#54 Нагима Аскарбек. Public policy, улуттук баалуулуктар, адамдын шыгы жана кесип тандоо, Кока-Кола кантип анализдейт?

#54 Нагима Аскарбек. Public policy, улуттук баалуулуктар, адамдын шыгы жана кесип тандоо, Кока-Кола кантип анализдейт?

Бүгүн бизде конокто коомду изилдөө жаатында эмгектенип жүргөн Нагима Абдылдаева. Коомдогу көрүнүштөр, фактылар жана өзгөрүүлөрду изилдөөлөргө байланыштуу аткарылып жаткан иш-аракеттер жана ар тараптуу темада маек.

Мазмуну
0:06 Таанышуу. Билим таржымалы.
3:35 Public policy изилдөө. 2010-жылкы өткөн парламенттик шайлоодо байкоочу тажрыйбасы. Шайлоодогу окуялар.
14:10 Изилдөө боюнча кеңири маалымат, Public policy форматы. Изилдөөлөрдүн форматына жараша маалымат топтоонун түрлөрү. Фокс группалар менен сурамжылоо жүргүзүү.
23:19 Интервью, эксперттер менен жолугушуу. Сурамжылоонун сапатын жакшыртуу үчүн планшет колдонуу.
36:40 Чек арадагы жүктөрдү каттоо боюнча изилдөө жана кыйынчылыктар, жүктөрдү текшерү ыкмалары.
57:33 Оймо жана сайма саюу, кыргызчылык жөнүндө кеңири, ишенич жана ишеним, билим тууралуу.
1:16:13 Чоң атасынын айткандары, улуттук баалуулуктар, дин тууралуу жана башка ойлор. Бала чактагы окуялар. Коомго болгон туура көз караш. Мазардагы шайыктар, алдамчылык окуялары.

Apr 08, 202203:55:34
#53 Екатеринбургдагы Кыргызстан-Урал кыргыз диаспорасынын жетекчиси менен диаспоралар тууралуу маек.

#53 Екатеринбургдагы Кыргызстан-Урал кыргыз диаспорасынын жетекчиси менен диаспоралар тууралуу маек.

Бүгүн бизде конокто учурда Екатеринбург шаарында түзүлгөн кыргыз диаспоралдык коомдук уюмунун жетекчиси Гульшан Долонбаева.

Екатеринбург шаарындагы кыргыз диаспорасынын ролу жана жетишкендиктери, жарандардын ар кандай көйгөйлөрүн чечүүдөгү аткарылып жаткан иш-аракеттер тууралуу маек.

Мазмуну
0:06 Таанышуу
1:06 Кесиптик өмүр баяны. Екатуринбург шаары, андагы Кыргыз диаспоралык коомдук уюм тууралуу.
2:11 Диаспора боюнча кыскача түшүнүк. Диаспоралардын ар кандай саясий курал катары колдонулуп жаткандыгы жөнүндө.
4:40 Жарандардын диаспоранын жүргүзгөн кызматы тууралуу маалыматынын жоктугу, коомго, диаспорага тийгизген салымы, милдеттери тууралуу билбегендиги.
10:30 Россия Федерациясында кыргыз диаспоралары биргелешип бир чоң күчкө айланса, жергиликтүү бийликтин алдында оорду чоң болоору тууралуу ойлор.
12:50 Дүйнө жүзүндөгү кыргыз диаспоралары биригип илим-билим, маданият, саламаттыкты сактоо же гуманитардык багытта иш чараларды алып кетсе болоору тууралуу ой пикири.
14:19 Диаспоранын ичиндеги ар түрдүү градациядагы адамдар, Россиядагы мигранттар менен Европа, Америкадагы мигрантардын айырмачылыгы.
16:12 Россияда кыргыз диаспоралык коомдук уюмдардын көйгөйлөрү жана аларды чечүүдөө иштеп жаткан коомдук активистерге ыраазычылык.
19:50 Кыргыз диаспорасы Россия Федерациясынын мыйзамдарынын негизинде иш алып барат. Кыргызстан-Урал диаспорасынын тарыхы, коомдук уюмду түптөгөн активистер жөнүндө.
22:10 Диаспоранын максаты улуттук аң-сезимди сактап калуу, кыргыз маданиятын, тилин, үрп адаттарын кийинки муунга өткөрүп берүү.
26:14 Алгачкы жолу миграциядагы аялдардын орду, жүзү тууралуу 2019-жылы эл аралык конференция өткөрүү демилгесин көтөрүшү.
28:22 Демилге колдоого алынып, ошол жердеги жергиликтүү бийликти, кыргызстандыктарды миграциядагы аялдардын көйгөйлөрүнө көңүл бурдуруусу.
29:20 Россиядагы ишкер айымдардын көйгөйлөрүн чечүүдө жасалып жаткан иш чаралар.
36:20 Россияда болуп жаткан окуялар тез арада бүтүп, жакшы нукка түшүп, ааламда тынчтык болсун деген ой тилек менен маек аяктады.

Mar 31, 202242:25
#52 Коопсуз миграция, жарандардын чет жерде иш менен камсыз болуу мүмкүнчүлүктөрү, жарандардын кулчулукка кабылуу коркунучунун реалдуу көрүнүштөрү тууралуу подкаст.

#52 Коопсуз миграция, жарандардын чет жерде иш менен камсыз болуу мүмкүнчүлүктөрү, жарандардын кулчулукка кабылуу коркунучунун реалдуу көрүнүштөрү тууралуу подкаст.

Бүгүн бизде конокто Кыргыз Республикасынын Эмгек, социальдык камсыздоо жана миграция министирлигинин алдындагы жарандарды чет жерде иш менен камсыздоо борборунун директорунун орун басары Алмаз Алыбаев.

Мазмуну
0:05 Таанышуу
1:06 Эмгек таржымалы. Мекеме тууралуу жана анын аткарган фунциялары.
2:05 Жарандарды Россия, Корея, Бириккен Арабтар Эмираттарына, Катар, Турция өлкөлөрүнө жумушка орноштуруу.
3:08 Япония өлкөсү менен болгон келишим, пандемияга байланыштуу токтоп турганы тууралуу.
4:22 Жарандарды чет өлкөгө келишимдин негизинде конкреттүү түрдө жумушка орноштуруу жолдору.
6:15 Жумушка орноштуруу боюнча жеке менчик агенттиктер менен мамлекеттик мекеменин ортосундагы айырмачылыктар.
7:16 migrant.kg сайтында жарандарга толук маалыматтар берилгени тууралуу.
8:30 Кара тизме көйгөйлөрүн чечүүдө migrant.kg сайтындагы ресурстарды колдонуу менен жарандар керектүү маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүктөрү.
9:58 Жумушка орноштуруучу жеке менчик агенттиктер менен болгон көйгөйлөрдү чечүү жолдору.
12:20 Жарандарды башка мамлекеттерге келишимдин негизинде татыктуу жумуш орундары менен камсыз кылуу боюнча жүрүп жаткан иштер тууралуу.
17:37 Кулчулукка, оор кырдаалга кабылган жарандардын көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору.
19:30 Справочник мигранта мобильдик тиркемесин көчүрүп алып, бардык косулдук, дипломтиялык мекемелер менен байланышуу мүмкүнчүлүктөрү.
21:26 migrant.kg сайтында « Мамлекеттик тейлөө» функционалына кирип жарандар анкета толтура ала тургандыгы тууралуу айтылды.
23:16 Маектешүүнүн соӊунда Алмаз мырза жарандарга пайда алып келе турган системаларды жакшыртуу жана аны ишке ашыруу боюнча чет өлкөдө IT тамагында иштеген мекендештер менен биргеликте иш алып барууга даяр экендигин билдирди.

Mar 23, 202226:15
#51 Аксана Исмаилбекова менен миграцияда илимий изилдөөлөр, согуштун таасири, келечектин багыттары тууралуу подкаст.

#51 Аксана Исмаилбекова менен миграцияда илимий изилдөөлөр, согуштун таасири, келечектин багыттары тууралуу подкаст.

Бүгүн бизде конокто Германиянын Халле шаарынан антрополог Аксана Исмаилбекова менен бүгүнкү күндүн актуалдуу суроолорунун үстүндө маек курдук.

Мазмуну
0:20 Таанышуу. Германияга келүү окуясы. Өмүр баяны. Иш таржымалы.
3:40 Тууганчылык темасы антропологияда, туура эмес тууганчылыктын идеясын өзгөртүү.
7:15 Миграция жагында илимий изилдөө. Элдин бир кырдуу оюу жана чыныгы көрүнүш. Мигранттардын акыбалынын массмедиада берилген идея менен келишпестиги.
11:40 Бүгүнкү күндүн 3 чон катастрофасы: экологиялык катастрофа, пандемия жана согуш. Согуштун бизге тийген залакасы жана негизи согуш жөнүндө. Орусиядагы баардык тааныгандарыбызды альтернативдуу маалымат менен камсыздоо абзел. Мамлекеттин азыркы акыбалдагы позициясы. Орусиядагы экономикалык кризистин кыргыз мигранттарынын тийгизген таасири. Мигранттарыбызды башка жолго, башка мамлекеттерге багыттоо.
22:40 Эл катары биригүү идеясы. Мамлекетти барктап билип, колдоп, жаңы багытты көздөө идеясы.
24:15 Кыргызстандын келечеги жаңы кесиптерде. Жаштардын жаңы, заманбап кесиптерге ээ болуу. Жарандарды Европага алып келип, иш менен камсыздоо идеясы.
27:00 Кыргызстандык жарандык активизм. Жаңы тренд кесип IT тармагы, Келечек долбоорунан 2500 адам окуп чыкты, Чырак долбоорунда азыр Кыргызстандык 10000 кыз-келиндер, апалар окуп башташты.
29:05 Чөйрө долбоорунда мекендештердин биригүүсү. Мамлекеттик ишкерлер менен подкасттардын жазылуусу менен коммуникациялардын башталышы.
30:25 Жаштарга немис тилинен бекер окутуучу курстарды ачуу идеясы.
32:12 Подкасттын соңунда жакшы сөз, жакшы тилек.

Mar 17, 202233:52
#50 Азат Максатбеков. Азаттын окуясы, IT тармагы, программдоо, билим берүү системасы жана кесип тандоо боюнча жаштарга кеңеш.

#50 Азат Максатбеков. Азаттын окуясы, IT тармагы, программдоо, билим берүү системасы жана кесип тандоо боюнча жаштарга кеңеш.

Бүгүн бизде конокто өз атын өзү жасаган жаш программист Азат Максатбеков болду. Жеке тажрыйбасы менен бөлүшүп, өз ойлору жана ар нерсенин кемчиликтерин жана өзгөчөлуктөрүн позитивдүү баяндап берди.

Мазмуну

0:09 Таанышуу

01:13 Иш таржымалына киришүү, жеке жашоо тажрыйбалары, университеттик күндөрдөгү кызыктуу окуялар. 

13:12 Программдоо тармагындагы Азаттын жумушу, иш таржымалы. АСОИ студиясы жана анын иш тармагы. Жаш окуучу, студенттерге кеңеш. Билим берүү системасын жакшыртууга ойлор жана практикалык кеңештер. Университетке келгенден кийинки күтүүлөр жана күтүүсүз чыныгы жашоонун жүзү. 

40:23 Алгачкы иш тажрыйбалар жөнүндө окуялар. Илбирске жумушка кирүү окуясы. Жаш муунду өстүрүүдөгү Азаттын ойлору, жакшы жаштарды чоңойтуудагы ар тараптуу тарбия.

49:50 Бишкек шаары жана анын тургундары тууралуу. Кыргызстандагы жашоонун жакшы тарапка өзгөрүүсү тууралуу. 

56:06 Саякаттоо, Кыргызстанда ички саякаттоо, кезүүгө чыгып кой кайтаруу тууралуу.

58:15 Китеп окуу, китеп окууну башка суроолорду чечүүгө колдонуу. 

1:01 Иштөө графиги, тасмалар тууралуу баарлашуу. Кыргыз тилиндеги тасмалар. Убакытты туура пландоонун маанилүүлүгү. 

1:03 Кыргыз тойлорундагы кемчиликтер жана жакшы жактары, күлкүлүү окуялар Азаттын баяндоосунда. Мал союу боюнча да сөз.

1:10 Сабырдын артындагы байлык. Програмдоочуларга керектелчү сабыр. Программдоо тилдери, програмдоо иши тууралуу. Спортко кызыгуу, спорт менен машыгуу тажрыйбасы, ден-соолукка кам көрүү. 

1:26 Сөз аягы. Акыр аяк жакшы сөз.

Mar 11, 202201:31:41
#49 Кубанычбек Жумабай уулу. Мекендештер жаратылышты  коргоого кантип жардам бере алышат, жапайы жаныбарлардын жаратылышка тийгизген таасири жана ак илбирстерди сактап калуу көйгөйүнүн үстүндө маек.

#49 Кубанычбек Жумабай уулу. Мекендештер жаратылышты  коргоого кантип жардам бере алышат, жапайы жаныбарлардын жаратылышка тийгизген таасири жана ак илбирстерди сактап калуу көйгөйүнүн үстүндө маек.

Бүгүн бизде конокто Ак илбирстерди коргоо жаатында иш алпарган, Кыргызстанда Ак илбирстерди коргоо фондунун жетекчиси жана Snow Leopard Trust уюмунун улуттук координатору Кубанычбек Жумабай уулу болду.
Мазмуну
0:05 Таанышуу
1:50 Ак илбирстердии коргоо уюму.
2:50 Илбирс жаныбары, жапайы жаратылыш, эко система жөнүндө.
9:47 Кыргызстанда илбирс тин азайышынын себептери.
15:03 Илбирстерди коргоо боюнча ар кандай программалар менен чогуу иш алпаруу.
16:24 Бийик тоолуу райондордогу айылдын жашоочулары менен илбирсти коргоо жана андан коргонуу жолдору боюнча программалардын жүрүшү.
19:00 Эл аралык уюм менен биргеликте жергиликтүү элдер менен кол өнөрчүлүк боюнча кийизден ар кандай оюнчуктарды, шырдак жасоо долбоорлорунун ишке ашуусу.
22:00 Балдарды жаратылышка жакындатуу максатында, аларды кызыктыруу үчүн билим берүү программасы. Мектеп окуучулар арасында 20 группанын түзүлүшү.
23:40 Ар кандай конкурстарды уюштуруп, кызыктыруучу белектер менен сыйлап, алардын арасынан активдүү балдарды тандап алып уюмдун эсебинен тоого лагерге алып барып жаратылышка жакындатуу програмалары тууралуу.
25:48 Кыргызстанда жаратылышты коргоочу аймактардын корукчуларын жылына бир жолу сыйлоо программасы. 26:26 Илбирсти коргоо, изилдөө боюнча илимий программа.
28:10 Экотуризмди өнүктүрүү боюнча программаны сунуштоо.
30:56 Токой чарбасы менен биргеликте бак отургузуу акциянын башталышы жана ал жерлерди туристик объектилерге айлантуу максаттары.
33:33 Мугалимдер менен биргеликте мектептин программасынан тышкары окуучуларга жаратылыш, жапайы жаныбарлар тууралуу кошумча материалдарды берүү боюнча иш алып баруу.
34:10 Айылдарда бал челекчилерди өнүктүрүү, аларды окутуу программасы.

Mar 03, 202243:47
#48 Марлес Шаршеев. Тышкы миграция, диаспоралар менен иш алпаруу жана социалдык өнүктүрүү тууралуу подкаст.

#48 Марлес Шаршеев. Тышкы миграция, диаспоралар менен иш алпаруу жана социалдык өнүктүрүү тууралуу подкаст.

Бүгүн бизде конокто КРнын тышкы иштер министрлигинин алдындагы тышкы миграция департаментинин бөлүм башчысы менен олуттуу темаларда маек курдук.

Мазмуну
0:26 Таанышуу
1:25 Тышкы иштер министирлигинин бөлүмдөрү, функциялары, реорганизация тууралуу. Тышкы миграция саясаты. Мигранттардын түрлөрү. Чет өлкөдөгү жердештердин арасында мамлекеттик саясатты жүргүзүү. Чет өлкөдөгү миграннттардын базасын түзүү. 5:25 Президенттин астындагы мекендештердин кеңеши. Башка мамлекеттин жарандыгын алган Кыргызстандык жарандардын Кыргызстанга келүүдөгү шарттары. Автоматташтырылган документтердин системасы жана чет элдик атайын документтин жакшы жактары.
9:42 Чет өлкөдөгү мекендештер менен видео конференциялар өткөрүлүп, көптөгөн мамлекеттик органдар катышып, көп суроолорго жооп беришти. Дагы да видео конференциялар пландалууда.
11:48 Мамлекеттик ипотекалык кампания менен жердештердин конференциясы болуп өттү.
14:45 Россиадагы диаспоралар менен чогуу иш алпаруу. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, маркумдарды алып келүүдөгү жардамдар.
19:27 Чет өлкөгө мыйзамсыз жолдор менен барган жердештерге ар түрдүү кылмыш иштерин козгоо жана мыйзамсызсыз жөнөткөн агентстволордун үстүнөн кылмыш иштерин козгоп, контролдоо.
26:12 Чет өлкөдөгү кадр саясаты. Германиядагы мигранттардын көйгөйлөрү. Мигранттардын иштери, уюмдар жана диаспоралар. Жарандардын бир-бирине колдоо, түрткүсү. Көйгөйлөрдүн чоңу жарандардын мамлекеттик органдар менен биригип, чогуу иш алпаруусу. Чет өлкөдөгү жарандар менен чогуу иш алпарууга пландар.

Feb 24, 202231:45
#47 Айпери Хожаева. К-Поп, Сүмөлөк, Журналистика, Кыялдар жана Айпери. Кыргыз "Кальмар оюну" кандай болгон?

#47 Айпери Хожаева. К-Поп, Сүмөлөк, Журналистика, Кыялдар жана Айпери. Кыргыз "Кальмар оюну" кандай болгон?

Бүгүн бизде конокто ар таланттуу жаш журналист Айпери Хожаева. Журналисттик жумуштун оор-жеңил тарабы, жашоого койгон максаттар жана кыялдар. Жеке тажрыйбалардын баалуулугу жана адамдардын жашоо баалуулуктары жөнүндө кызыктуу маек куруп берди.

Мазмуну
0:26 Таанышуу
1:19 Иш таржымалы. Журналистика (дата журналистика). Этикалык кодекс. Журналистик иште стресске туруктуулук.
30:47 Үн коштоо жааты. Дебат темасы. К-Поп. Медианын адамдарга болгон таасиринин мааниси.
54:02 Жеке көз карандысыздык. Кесип тандоо суроолору, өз алдынча жашоо. Кошумча жумуштар, акча чогултуу түшүнүгү. Кореяга баруу жаңы кыялы. BTS концертине кыялы.
1:17:02 Кыялдар орундалат. Жаратмандар жана өз ичинде дүйнө жараткандар. Келечектин кыялдары, максаттар. Жакшы көрүп жеген тамактар. “Сүмөлөк” тажрыйбасы.
1:42:45 Кыргыз “кальмар оюндары”. Фамилия тарыхы. Калп-чындык подкастынын автору. Коштошуу.

Feb 19, 202201:56:14
 #46 Нурзат Абдырасулова. Кыргызстанда экология, энергетика жана климаттын өзгөрүүсүнүн таасири.

#46 Нурзат Абдырасулова. Кыргызстанда экология, энергетика жана климаттын өзгөрүүсүнүн таасири.

Бүгүн бизде конокто өлкөбүздүн экологияны коргоо жаатына өзүнүн салымын кошуп келе жаткан, өкмөттүк эмес «Unison» коомдук фондунун негиздөөчүсү Нурзат Абдырасулова.

Мазмуну
0:06 Таанышуу
0:42 Кесиптик өмүр баяны.
1:40 Экологияны жакшыртуу максатында 2002 жылы «Unison» коомдук фондун ачуусу, аткарган иштери.
2:20 Эл аралык долбоорлор, аналитика, өкмөттүк уюмдар менен жаңы мыйзамдарды жакшыртуу боюнча иштерди алып баруусу. 3:05 Курулуш агенттиги менен биргеликте «Кыргызстандагы имараттардын энергиялык натыйжалуулугу» - деген мыйзамды иштеп чыгуусу.
4:44 Климаттын өзгөрүүсү боюнча маалыматтын аздыгы, кургакчылык, жайкы чилде.
7:06 Суунун азайышы, энергиялык, ирригациялык маселердин келип чыгышы боюнча «Unison» коомдук фондунун иштери.
8:14 Бейөкмөт уюмдар менен биргелешип «Кыргызстан Жашыл Альянс» ассосациясынын түзүлүшү.
10:22 Турак-жай курууда туура кадам жасоо, энергиясы үнөмдүү үйлөрдү салуу.
12:20 Имараттарды жылуулоо боюнча «Кыргызстанда туруктуу каржылоо програмасы».
14:01 Курулуш материалдарын тандоо боюнча кеп-кеңеш, маалыматтар фонддун сайтында берилген.
18:52 Бишкек шаарындагы ыш маселесин чечүү жолдору.
20:51 Автономдуу булактарды койуу менен энергия алганга мүмкүнчүлүк түзүү, иш жүзүндө кеңсесине күндөн энергия алган панельди койгону.
25:51 Yйлөрдү жылытуу системаларын жаңы технологияга өткөрүү, коом менен иш алып баруу, экология тууралуу аң-сезимибизди өзгөртүү тууралуу.

Feb 10, 202232:05
#45 Медер Рахман. Миграция жана мигранттардын көйгөйү. Чет жерде мекендештердин укуктарын коргоо, шарттарды түзүп берүү.

#45 Медер Рахман. Миграция жана мигранттардын көйгөйү. Чет жерде мекендештердин укуктарын коргоо, шарттарды түзүп берүү.

Бүгүн бизде конокто көп жылдан бери миграция тармагында иштеп жүргөн, учурда Жогорку кеңештин алдындагы миграция кеңешинин катчысы Медер Рахман.

Мазмуну
0:06 Таанышуу
1:06 Кесиптик өмүр баяны.
2:11 Миграция кеңеши тууралуу.
5:10 Уюмду ачуу сунушу, тоскоолдуктар, колдоолор.
11:09 Алгачкы жолу сыртка чыгышы, темир жол каттамындагы мигранттардын көйгөйү.
15:46 Ɵзүнүн жана мекендештердин укугун коргогону, аларга укуктары жөнүндө маалымат бергени.
17:36 Темир жол каттамы тууралуу маалыматты изилдеп, президент А.Акаевге мигранттардын укугун коргоо боюнча кат менен кайрылуусу.
18:18 Москвага аспирантурага тапшыруу, убактылуу иштөө, мекендештер, таасир калтырган окуялар.
30:30 Мекендештердин көйгөйүн чечүү үчүн элчиликке сунуштар, колдоо болбогону.
31:38 2006-жылы Екатеринбург шаарына элчиликке жумушка чакырылышы.
35:47 Миграциялык кеңеш ачылгандан бери аткарган иштери, 2020-жылы ковид учуру, курьер мекендештердин көйгөйүн чечүүсү. 39:12 Алдыдагы максаттар, миграциялык ресурс ачуу, сыртка чыгуучуларды окутуу, техникалык кесиптер менен камсыздоо тууралуу.

Jan 26, 202238:12
#44 Олжобай Искандер. Айылдан IT ге, Келечек жана Чырак долбоорлору жөнүндө. Олжобай Искандер менен Жылдыз академиясы тууралуу маек.

#44 Олжобай Искандер. Айылдан IT ге, Келечек жана Чырак долбоорлору жөнүндө. Олжобай Искандер менен Жылдыз академиясы тууралуу маек.

Бүгүн бизде конокто IT багытындагы Поларис, Келечек, Сириус долбоорлорунун проект менеджери Олжобай Искандер менен маек.

Мазмуну
0:05 Таанышуу
1:41 Ɵмүр баяны. Балалыгы. Билим таржымалы.
3:10 Маданият министринин жардамчысы, жеке бизнес. ITге «Айылдан ITге» долбоорунан кийин кызыгуусу.
06:10 Жылдыз академиясы. Менторлор менен таанышуусу.
10:05 Келечек долбоору. Спонсорлор Бакыт, Айдана менен бирге долбоордун башталышы.
11:25 Поларис долбоору жөнүндө. Келечек 2.0 долбоору.
15:02 Жылдыз академиясынын таржымалы.
16:35 Келечектен кийин Сириус долбоору, Саммер челленж, креативдүү Келечек, тоскоолдуктар, изилдөөлөр, жаңы программаны иштеп чыгуу.
18:18 Кыргыз-тилинде курс, JS боюнча 2-модуль, ыңгайлуу окуу шарттары, талаптар.
32:00 Чырак, IT классика долбоору тууралуу.
38:45 Ыраазычылык, долбоорлорго ийгилик каалоо тилектер.

Jan 19, 202240:26
#43 "Кыргызстан - менин экинчи өлкөм". Райса Одко - Монгол кызы.

#43 "Кыргызстан - менин экинчи өлкөм". Райса Одко - Монгол кызы.

Раиса Одко. Кыргызстанда билим алып жаткан монгол кызы менен өмүр баяны, Монголия өлкөсү, Кыргызстандагы билим алуусу жөнүндө кызыктуу маек болду. Бүгүнкү коногубуз учурда Кыргыз Манас Түрк университетинде котормочу бөлүмүндө билим алып жаткан монгол кызы Раиса Одко.

Мазмуну
3:15 Таанышуу
04:09 Монголия калкы саны.
08:25 Кыскача өмүр баяны, өлкөсү жөнүндө.
20:50 Атасынын кеңеши, Манас түрк универстети.
24:12 Кыргызстанга келиши. Тил билбей кыйналганы.
27:08 Жатакана, кыргыз кыздар менен чогуу жашоо.
32:55 Манас университети, кыйналганда эжейлердин берген кеңеши.
37:35 Котормочулук кесип, Манас университети жөнүндө.
44:25 Кыргызстан жөнүндө табияты, адамдары. Туркияга барганы.
58:09 Бала чагы, чоң атасы, жеке жашоо.
1:18 Монголияда жаңы-жыл, кесиптер, шаарлары, киноиндустрия, бүркүтчүлүк өнөрү, туризм.
1:29 План койуу, бир жылдык, беш жылдык, бир күндүк. Чөйрө тандоо. Максатты туура койуу.
1:35 Ата-эне, бир туугандар, ынтымактуулук.
1:42 Эки аты тууралуу.

Jan 13, 202201:30:58
#42 Айжан Кубакаева. Таланттуу психолог менен “Кыргызча психология” долбоору, Турцияда билим алуу жана мээни жакшы өзгөрүүлөргө программдоо жөнүндө кызыктуу маек.

#42 Айжан Кубакаева. Таланттуу психолог менен “Кыргызча психология” долбоору, Турцияда билим алуу жана мээни жакшы өзгөрүүлөргө программдоо жөнүндө кызыктуу маек.

Мазмуну

0:25 Таанышуу
3:50 Кыскача биография, билим таржымалы, Турцияга окууга өтүүсү.
10:25 Психология жөнүндө. Кыргызча психология долбоору. Баткен окуясы учурундагы кыйынчылыктар жана күтүлбөстүктөр. Кыргызстанда психология түшүнүгү.
21:45 Пландаштыруунун нюанстары жана өзгөрүүлөр. Келечектеги өзүңө кат. Мотивация.
38:08 Mindset жөнүндө. Угуучуларга жаңы жылга жакшы тилектер.

Jan 05, 202250:00
#41 Атайын подкаст. Авторлордон жаңы жылдык чыгарылыш.

#41 Атайын подкаст. Авторлордон жаңы жылдык чыгарылыш.

Бул подкастта Азамат Токтакунов жана Жаныбек Мукаштан жыл жыйынтыктоочу кызыктуу маек сунулду. Долбоорлор жөнүндө жана авторлордун жеке тажрыйбасы, Кажы-Кужу подкастынын ички процесстери жөнүндө алчачкы жолу кенен бөлүшүлдү.

Dec 31, 202157:04
#40 Гүлзат Баялиева. Илимпоз антрополог менен саясий кризис, илимий изилдөөлөр жана Кыргызстандын келечеги жөнүндө.

#40 Гүлзат Баялиева. Илимпоз антрополог менен саясий кризис, илимий изилдөөлөр жана Кыргызстандын келечеги жөнүндө.

Бүгүнкү коногубуз кыргыздын чыгаан, илимпоз кыздарынын бири, бир нече илимий макалалар, илимий иштердин авторлорунун
бири Гулзат Баялиева.

Мазмуну
0:55 Таанышуу
1:30 Өмүр баян, бала-чагы, билим жолундагы узак жол.
8:13 Чет өлкөгө кетүү чечими.
12:38 Үй бүлөө.
14:14 Илимпоз кесиби.
19:15 Илимий изилдөөлөр.
22:35 Кыргызстандын келечеги жөнүндө.
27:53 Кыргызстан чет өлкөлүктөрдүн көзү менен.
33:09 Чет өлкөдөгү  кыргыздардын «Karaan Global» долбоору жөнүндө.


Nov 04, 202138:46
#39 Турат Алыбаев - онлайн окутуу, программдоо курстары жана мотивация

#39 Турат Алыбаев - онлайн окутуу, программдоо курстары жана мотивация

Бүгүн конокто күчтүү мотиватор, тилчи, программист, Word, PowerPont, Zoom боюнча видео сабактардын автору Турат Алыбаев менен програмдоо, онлайн билим берүү жана мотивация жөнүндө сөз кылдык.

Мазмуну

0:55  Таанышуу.
2:17  Мугалимдик кесип, программалоого жаңы кадам.
10:25  Актёрдук жана котормочулук чеберчилик.
16:35  Билим жөнүндө.
19:42  Мобилдик тиркемелер.
27:17  ITге элдин кызыгуусу. Мотивация.
35:18  Кыргыз тили IT жаатында.
45:34  Мотивацияны кайдан аласыз?

Oct 21, 202157:04
#38 Нурсултан Аттокуров. Саякат, ички туризм, жеке бренд, көргөзмө жана ландшафттык фотосүрөт жөнүндө маек.

#38 Нурсултан Аттокуров. Саякат, ички туризм, жеке бренд, көргөзмө жана ландшафттык фотосүрөт жөнүндө маек.

Бүгүн конокто саякатчы, Кыргызстандын ички туризм тармагына өзүнүн салымын кошуп жаткан, соц тармактарда жаратылыш суротторун тарткан мыкты фотограф катары да белгилуу болгон, чыгаан жана таланттуу атуулдарыбыздын бири Нурсултан Аттокуров.

Oct 15, 202149:38
#37 Махабат Садырбек - Европадагы илимий чөйрөдө карьера жасоо, көп тилдүүлүк, котормочулук жана кайрымдуулук иштери

#37 Махабат Садырбек - Европадагы илимий чөйрөдө карьера жасоо, көп тилдүүлүк, котормочулук жана кайрымдуулук иштери

Бүгүн бизде конокто 20 жылдан ашуун Германияда жашаган, балалык чагы Кочкордун кооз тоолорунда өткөн, бир тилде суйлөп өскөн, азыркы күндө 7 тилди билген, бир эмес, бир нече кесиптин ээси, лигвист, юрист-антрополог, котормочу, кайрымдуулук боюнча элибизге көптөгөн жакшы иштерди жасаган, кийинки учурда билимге, агартууга, аң-сезимди өстүрүү жагына көңүл бөлүп келе жаткан кыргыздын чыгаан кыздарынын бири Махабат Садырбек.

Мазмуну

0:10 Таанышуу
0:46 Кесиптик өмүр баяны.
1:50 Балалыгы. Билим таржымалы. Германия. Стипендиялар. Брюссель.
8:41 Көп тил үйрөнүү. Котормочулук. Сайрагүл Сагытпай кызы китеби.
16:55 Кайрымдуулук иштер. Хобби. Сезим долбоору.
23:24 Мотивация булагы. Ден-соолук.
27:45 Германия, жакканы жана жакпаганы.
30:41 Жаштарга кеңеш. Бактылуулук?
33:47 Жакшы китеп, кино сунуштар. Ретрит жөнүндө.

Oct 07, 202141:40
#36 Азизбек Озбеков. Химия, Билимот жана Баткен окуясы

#36 Азизбек Озбеков. Химия, Билимот жана Баткен окуясы

Бүгүн конокто Химия илиминин жаш адиси, дүйнөлүк олимпиаданын катышуучусу жана Билимот долбоорунун негиздөөчүсү Азизбек Озбеков. Подкастта илим-билим, жаңы долбоордун жаралышы, мектеп окуучулар менен болгон жолугушуулар жана Баткен окуялары жөнүндө маек курдук.

Мазмуну

01:15 Таанышуу.

02:53 Химия сабагы. Сапат лицеи. Дүйнөлүк олимпиада.

07:11 Жогорку Окуу Жайы.

10:40 Себат. Орхан Инанды.

13:56 Алтын сертификат. Түштүк Коррея. Билим. Химия лабораториясы.

24:13 Bilimot долбоорунун. ЖРТ. Адилеттүүлүк. Хакатон

44:11 Баткен окуясы.

1:10:30 Кара-Балтадагы химия лабороториясында жумуш.

Sep 02, 202101:17:23
Атай Самыйбек. Ар бир адам бактылуу болгусу келет. Урбанистика, коом жана баалуулуктар. Кыргызча подкаст

Атай Самыйбек. Ар бир адам бактылуу болгусу келет. Урбанистика, коом жана баалуулуктар. Кыргызча подкаст

Бүгүн конокто шаарман жана урбан активист Атай Самыйбек. Бул подкастта урбанистика, коом жана баалуулуктар жөнүндө сөз кылдык.

Jul 18, 202101:02:52
#34 Залкар Аскаралиев. Милано 2020 / Мода, Дизайн жана Кол өнөрчүлүк. Тумар салонундагы чыгармачылык.

#34 Залкар Аскаралиев. Милано 2020 / Мода, Дизайн жана Кол өнөрчүлүк. Тумар салонундагы чыгармачылык.

Бүгүн конокто Милано 2020 көргөзмөсүнүн катышуучусу, дизайнер жана кол өнөрчү Залкар Аскаралиев. Бул подкастта Залкардын чыгармачылыгы, Бишкек шаары, мода жана кол өнөрчүлүк жөнүндө маек курдук.

Apr 11, 202154:05
#33 Перизат Сүйүндүк кызы. Германиядагы жашоо жана IT-аусбилдунг

#33 Перизат Сүйүндүк кызы. Германиядагы жашоо жана IT-аусбилдунг

Бүгүн конокто Германиядан ийгиликтүү IT-аусбилдунг бүтүргөн мекендешибиз Перизат Сүйүндүк кызы. Бул подкастта кантип au-pair программасы менен келип, андан соң аусбилдунг издеп, сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, контракт алып, аягына чейин окуп, экзамен тапшырым жана програмчы катары жумуш табуу жөнүдө маек курдук.

Мазмуну

00:00 Патреонго жазылып мени менен бирге жаңы долбоорлорду баштаңыздар https://patreon.com/toktakunov
01:30 Конок менен таанышуу. Комьпютер үйрөнүү жана жогорку окуу жай жөнүндө. Au-Pair программасы.
05:28 Ausbildung (аусбилдунг) деген эмне? IT-аусбилдунг кантип тапса болот? Визалык суроолор. Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университети. Диплом текшерүү боюнча.
14:36 Контракт менен виза алуу кыйынчылыктары. Окуу жана иштөө процесси башталышы.
20:30 IT-аусбилдунгту кантип тапса болот. Немис тил көйгөйлөрү. Эмне иш кылат ал жакта? Кантип бүтүрөт?
34:00 Аусбилдунгтун пайдалуу жактары. Окуу бекер болот жана айлык төлөп берет.
38:00 Аусбилдунгтан кийин жумуш издөө процесси. Программачы болуу үчүн эмне кылуу керек?
43:00 Айылдагы, шаардагы, Швейцариядагы жана Германиядагы жашоо. Таштандыларды сорттоо. Мигранттар. Аялзатын сыйлоо жөнүндө. Келечек коюлган чоң максат!

Feb 25, 202151:49
Кажы-Кужу #32 Улан Мелисбек. Балачак, IT, kyrgyz.us, саясат, кыргыздар жана Кыргызстан

Кажы-Кужу #32 Улан Мелисбек. Балачак, IT, kyrgyz.us, саясат, кыргыздар жана Кыргызстан

Бүгүн конокто Улан Мелисбек. Бул подкастта билим алуу, IT, чет-өлкөдөгү диаспора, kyrguz.us, саясат, кыргыздар жана Кыргызстан жөнүндө маек курабыз.

00:00 Конок менен таанышуу. Илгерки интернет. Балачак.
10:00 Туркия мамлекетинде жогорку билим алуу. Биринчи ишкердик тажрыйбалары. Кыргыз тили жөнүндө
34:15 Кыргыздардын биринчи онлайн үйү - kyrgyz.us түзүлүшү. Швейцарияда соода жана экономика магистратурасын алуу.
55:45 Саясатка келиши. Кыргызпатент жана .kg домени жөнүндө
02:04:13 Апрель ыңкылабы жана андан кийинки жашоо. Google Translate кыргызча. Америкадагы жумуш. Кыргыздар жана Кыргызстан.

Feb 11, 202103:00:54
Кажы-Кужу #31 Азамат Каработоев. Айыл өкмөттүн сайты, Радио, Шайлоо жана уюм менен соттошуу

Кажы-Кужу #31 Азамат Каработоев. Айыл өкмөттүн сайты, Радио, Шайлоо жана уюм менен соттошуу

Бул подкастта биз Азамат менен шайлоо, радио жана Бакай-Ата айылынын сайты о.э. эмнеге журналисттер коомчулугу менен соттошуп кеткендиги тууралуу маек курабыз. Азыркы учурда Азамат радио жаатында иш алып барат.

Feb 04, 202141:28
#30 Салтанат Калдыбаева, Бишкек. Радио жана подкаст. Кыялдар орундалат.

#30 Салтанат Калдыбаева, Бишкек. Радио жана подкаст. Кыялдар орундалат.

Бүгүн конокто Биринчи радионун башкы редакторунун орун басары , ЫСЫК-НАН подкастынын алып баруучусу Салтанат Калдыбаева. Бул чыгарылышта радио, подкаст, кызык окуялар, саякат жана Бишкектеги кара түтүн жөнүндө сөз кылдык.


00:01 Конок менен таанышуу.

04:46 Радио журналистика адистигине келген жолу. Кыялдар оорундалат.

09:20 Студияда жумуш алып баруу процесси.

13:25 Кыргызстанда подкаст индустриясынын жаралышы. Сорос фондунун жардамы. Радио жана подкаст.

18:33 Жумушта болгон кызыктуу окуя.

22:54 КТРК, мамлекеттик жана көз карандысыз медия.

26:06 ЫСЫК-НАН подкасты кантип пайда болгон? Памирлик кыргыздар тууралуу кыргыз тилиндеги биринчи подкаст. Чет-өлкөдө жашаган кыргыздар.

38:36 Келечеке коюлган ой-максттар. Саякат жашоого болгон көз карашты өзгөртөт. Өзүбүздү көчөдө кандай алып жүрүү керек?

42:31 СМОГ. Бишкекте кара түтүн. Пульманолог деген ким? Ыш адамды өлтүрөт! Датчиктер туура иштейби? Кыргыз тилинде макалалар.

58:16 Чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктар Кыргызстанды ойлойт!


Салтанат Калдыбаева - https://www.facebook.com/saltakaldybaeva

Биринчи радио - http://www.ktrk.kg/birinchi

ЫСЫК НАН - https://anchor.fm/s-kaldybaeva 

Кыргыз тилинде жаралган жаңы 10 подкаст - https://kontentchi.com/top-10-kyrgyz-podcast/

Бишкектеги ыш (смог) жана андан арылуу жолдору - https://kontentchi.com/bishkiektieghi-ysh-zhana-andan-aryluu-zholdoru/

Улуу Британиядагы «Улуу ыш» - https://kontentchi.com/uluu-britaniiadaghy-uluu-ysh/

Улуу ыш - https://kontentchi.com/uluu-ysh/

Бишкек абасы булганган шаарлардын катарында - https://kontentchi.com/bishkiek-abasy-bulghanghan-shaarlardyn-katarynda/

12 000 адамдын өмүрүн алган туман - https://kontentchi.com/12-000-adamdyn-omurun-alghan-tuman/

Биринчи радио Канат Кыргызбаев - https://www.facebook.com/214231458647708/videos/3710861985667161/

Биринчи радио Улуу ыш - https://www.facebook.com/214231458647708/videos/440334190479622/

Jan 28, 202158:46
Кажы-Кужу #29 Дарина Манасбек искусство, социалдык конструкт, конъюнктура жана перфекционизм жөнүндө

Кажы-Кужу #29 Дарина Манасбек искусство, социалдык конструкт, конъюнктура жана перфекционизм жөнүндө

Бүгүнкү подкастта биз художник Дарина Манасбек менен искусство, искусстводогу этика, конъюнктура, социалдык активизм, көркөм базар жана жашоодогу эң негизги суроо жөнүндө сүйлөштүк.


Конок менен таанышуу. Дарина ким?
Искусство жана суроо берүү
Социалдык конструкт
Искусство: академикалык жана заманбап
Искусствого кандайча келип калды?
Искуссводогу белгилүүлүк
Искусстводогу этикалык суроолор
Искусство менен социалдык активизм, айырмасы эмне?
Заманбап искусстводо биринчи эмне маанилүү?
Даринанын сүйүктүү художниги
Коньюктура
Вероятность жөнүндө
Ичи бош жакшы сөздөр
Жашоодогу негизги суроо














Jan 22, 202101:14:15
Кажы-Кужу #28 Зейнура Бирназарова, Бонн. "Манас" эпосунун которулушуна жардам берүү

Кажы-Кужу #28 Зейнура Бирназарова, Бонн. "Манас" эпосунун которулушуна жардам берүү

Бүгүн конокто Бонн шаарында жашаган мугалим, котормочу биздин мекендешебизи Зейнура Бирназарова. Бул подкастта мигранттар, коронавирус жана вакцина, чет-өлкөдөгү кыргыздар, Германиядагы жогорку окуу жай жөнүндө сөз болду. Эң негизгиси, "Манас" эпосунун которулушуна жардам берүү боюнча маек.

00:00 Конок менен таанышуу. Мигранттар жолу
04:15 Коронавирус жана вакцина. Мамлекетке ишенүү
07:45 Эмне үчүн чет-өлкөлүк кыргыздар Кыргызстандын ички иштерине аралашышат?
16:15 Чет-өлкөгө иммиграция жөнүндө
25:05 Бирөө керекпи кыргызга?
35:05 Германида жогорку окуу жайда билим алуу тажрыйбасы
41:00 Кыргыз тилинин байлыгы. "Манас" эпосунун которулушуна жардам берүү боюнча маек

Jan 14, 202153:48
Кажы-Кужу #27 (2 сезон) Медер Мырзаев. Каспий жээгиндеги окуя, мультимаданияттуулук жана Саякат.

Кажы-Кужу #27 (2 сезон) Медер Мырзаев. Каспий жээгиндеги окуя, мультимаданияттуулук жана Саякат.

Бүгүнкү конокто саякатчы Медер Мырзаев. Медер менен болгон маекте саякат жана мультимаданияттуулук жөнүндө сүйлөштүк. Бул подкастта саякатка кызыккан адамдар үчүн кеңештер камтылган.

Шилтемелер

Саякатчылар үчүн платформа: https://www.couchsurfing.com/

Медердин инстаграмы: https://www.instagram.com/meder.myrzaev/

Подкасттын авторлору: Жаныбек Мукашов Азамат Токтакунов

Биздин подкастты чөнтөк телефонуңузга жүктөп алыңыздар: iTunes (Apple Podcast) Google Podcast Spotify

Бизди социалдык баракчаларда ээрчигиле: Facebook Twitter Instagram Youtube Вконтакте Телеграм

Oct 23, 202001:10:20
Кажы-Кужу #26 (2 сезон) Дастан Насирдинов. Мектеп, аусбилдунг, футбол.

Кажы-Кужу #26 (2 сезон) Дастан Насирдинов. Мектеп, аусбилдунг, футбол.

Бүгүн конокто Германияда повардын окуусун окуп жаткан, активдүү, спортко кызыккан, биздин жердеги футболситтерди чогулткан мекендешибиз Дастан Насирдинов. Окуу, жашоо, спорт жана саякат жөнүндө сөз кылдык.

Sep 30, 202040:34
Кажы-Кужу #24 (2 сезон) Зина Кабылбек кызы. Жумуш, Саякат, Тандоо. Конкурс!

Кажы-Кужу #24 (2 сезон) Зина Кабылбек кызы. Жумуш, Саякат, Тандоо. Конкурс!

Sep 24, 202001:14:26
Кажы-Кужу #24 (2 сезон) Акак Сыргак кызы, Дортмунд. Au-Pair, Германияда жогорку окуу жай, IT, саякат

Кажы-Кужу #24 (2 сезон) Акак Сыргак кызы, Дортмунд. Au-Pair, Германияда жогорку окуу жай, IT, саякат

Бүгүн конокто Дортмунд техникалык университетинин бүтүрүүчүсү Акак Сыргак кызы. Кантип Германияга келген? Au-Pair программасында болгон окуялар, Европа жана АКШ мамлекетине болгон саякат жана IT-тармагында иштеген жумуштары жөнүндө сөз кылдык.

Sep 10, 202046:60
Кажы-Кужу #23 - Нурболот Азамат. Кыргызча оңой, тил көйгөйлөрү жана улуттук аң-сезим.
Sep 02, 202049:46
Кажы-Кужу #22 - Нурзат Чынтемирова / Дортмунд, Германия

Кажы-Кужу #22 - Нурзат Чынтемирова / Дортмунд, Германия

Бүгүн конокто 2012-жылдан бери Германия менен байланышта болуп жүрүп, азыркы учурда Дортмунд шаарында IT-тармагында жогорку билим алып жаткан активдүү мекендешибиз Нурзат Чынтемирова.

Мазмуну00:20 "Көчмөн кыргыз" Нурзаттын үйүнө коноко келип, чай ичип отурат
02:15 Бишкек шаарында Улуттук Университетинде немис тилин окуп баштаган
03:05 Au-Pair программасы менен Германияга келген
06:22 Кыргызстанга кайрадан кайтып келип Ош мамлекеттик университетинде окуусун  уланткан
07:28 DAAD стипендиясын алып Ганновер шаарында, жайкы академиясында интенсив курстарды окуп келген. Андан соң Борбор Азияда Германия мамлекети баштаган долбоорлорго катышып жүргөн.
10:05 Бешинчи курста Германияга келип үч ай практика алып кеткен
11:30 Алган билимин жана топтогон тажрыйбасын Мекенине жумшайм деген үмүт менен Джалал-Абад мамлекеттик университетине барса, ал жактан кызыктуу окуя болуптур. Ошол күндөн соң, кайрадан Германияга кайтып келүү чечими кабыл алынган.
20:01 Дортмунд шаарына жогорку окуу жайга тапшырган убакыт. Ошол убакыттагы көйгөйлөрдү кантип чечкен?
22:30 Чай ичип, кажы-кужу болуп отурабыз =) #Эркиндик!

Aug 27, 202029:35
Кажы-Кужу #21 Улан Үсөйүн. Айылдан ITге, баштан башта, кыргыз тили жана жаңы өзгөрүүлөр

Кажы-Кужу #21 Улан Үсөйүн. Айылдан ITге, баштан башта, кыргыз тили жана жаңы өзгөрүүлөр

Бүгүн конокто айылдан Улан Үсөйүн. Подкастта чөйрөнүн баалулугун, ички кыялдануу, жаңы өзгөрүүлөр жана идеялар боюнча сөз кылдык.

02:11 Кантип баарына жетишүү мүмкүн? Ички сезим. Чөйрөнүн баалулугу. Жалкоолук жана эркиндик.

06:11 Кыргыз тили. Стереотиптер талкалоо. Суроо-талаптын пайда болушу.

11:20 Жаңы өзгөрүүлөр. Баштан башта. Максаттуу прогресивдүү жаштар.

16:45 Айылдан ITге. Идея кайдан келген? Башталышы.

22:23 Кыргызстанда билим деңгээлин жогорулатуу керек.

26:56 Эмне үчүн айылда жашайм? Чыныгы мотивация - ички кыялдануу!

Jun 22, 202034:36
Кажы-Кужу #20. Нуржан Алымканова, тил, дискуссиядагы сабырдуулук жана Кушкароодогу бизнес жөнүндө

Кажы-Кужу #20. Нуржан Алымканова, тил, дискуссиядагы сабырдуулук жана Кушкароодогу бизнес жөнүндө

Бүгүн конокто "Кумтөр Голд Компаниде" ЖМК менен байланыш адиси, Бал тил клубунун негиздөөчүсү жана бёрдвотчер Нуржан Алымканова.

Мазмуну

00:34 Конок менен таанышуу
02:45 Бал тил клубу жөнүңдө
11:13 Тил көйгөйлөрү
17:55 Эмне себептен тилди өеүктүрүшүбүз керек?
24:25 Бёрвотчинг бул бизнеспи?
29:13 Куштарды жөнүндө кайдан караса болот?
34:43 Кушкароонун экологияга болгон пайдасы
37:14 Нуржан Алымканова жөнүндө
38:14 Стрессти кантип жеңет?
41:22 Кылчу иштерди кантип акырына чыгарса болот?
47:07 Угармандарга сунуш

Jun 14, 202048:23
Кажы-Кужу #19. Гүльназ Эркинбек, Дюссельдорф - au-pair, немис тили, магистратура жана жумуш

Кажы-Кужу #19. Гүльназ Эркинбек, Дюссельдорф - au-pair, немис тили, магистратура жана жумуш

Бүгүн конокто Дюссельдорф шаарында жашап Коммерцбанк концернинде иштеген экономист Гүльназ Эркинбек.

Мазмуну

01:36 Конок менен таанышуу. Au-pair програмасы жөнүңдө
16:20 Тил үйрөнгөн студент катары окууну улантса болот
21:52 Магистратурага тапшыруу жана окууну улантуу
29:14 Германиядан кесиби боюнча жумуш издөө
34:40 Банк чөйрөсүндө иштөө тажрыйбасы
39:21 Дюссельдорф шаар жөнүндө

Jun 06, 202043:48
Кажы-Кужу #18 Дүйнө жаңылыктарынан

Кажы-Кужу #18 Дүйнө жаңылыктарынан

Бул подкаст Кажы-Кужудагы өзгөчө формат. Жаңылыктар түрмөгү.

May 31, 202004:41
Кажы-Кужу #17. Эркин Касымов, Англияга карай жол сапар

Кажы-Кужу #17. Эркин Касымов, Англияга карай жол сапар

Бүгүн бизде конокто Эркин Касымов, Delloite компаниясынын стартаптарды иштетүү тармактарында IT-адиси.

Мазмуну

00:00 Конок менен таанышуу

02:00 IT-кесибин тандоо, орто мектептен эле башталганда. Олимпиадаларга катышуунун пайдасы

10:33 Айлана чөйрөнүн таасири. Жогорку окуу жай

16:37 Биринчи жумуш. IT-де жумуш табыш оңой

20:00 Англияга карай жол сапар. Чоң IT-долбоорунда көп иштегенден соң пайда болгон зергүү жаңы чакырууну алып келет

27:30 Лондон шаарында жашоо. Тил маселеси, иштин башталышы жана биринчи кыйынчылыктар. Маселе чечүү

34:00 Жаңы IT-технологиялары. Программалоо тилдери жөнүндө маек

May 24, 202001:00:50
Кажы-Кужу #16. Болотбек Суванов, Жапония жөнүндө

Кажы-Кужу #16. Болотбек Суванов, Жапония жөнүндө

Бүгүн бизде конокто алыскы батыш Жапония мамлекетинен Болотбек Суванов. Ал жакты жашоосу тууралуу кызыктуу маек уга аласыздар.

Мазмуну:

01:43 Изденүү Жапонияга келгенине түрткү берди. Оюндарга каармандарды тартат. Өлкө жөнүндө кызыктуу маек.

08:25 Тамак-аш жана азык-түлүк бөлүм

14:48 Көчөдө адам өзүн алып жүрүү маданияты

26:05 Почтанын иштеши

29:35 Жапондор менен кыргыздардын окшоштуктары жана өзгөчлүктөрү

52:09 Биз кандай сапатарды алсак болот? Жашоонун ылдамдыгы

May 21, 202059:28
Кажы-Кужу #15. Данияр Аманалиев. Кыргыз тили, ololo, бизнес жана мамлекет

Кажы-Кужу #15. Данияр Аманалиев. Кыргыз тили, ololo, бизнес жана мамлекет

Бүгүн конокто ololo коворкинг сеттеринин негиздөөчүлөрүнүн бири Данияр Аманалиев менен бирге кызыктуу маек курдук. Бул чыгарылышта сиздер кыргыз тили, жашоо, жумуш жана саясат жөнүндө болгон ойлорду уга аласыздар.

May 15, 202001:10:23
Кажы-Кужу #14. Нуржигит Мырзабеков. Диктор жана алып баруучулук жөнүндө.

Кажы-Кужу #14. Нуржигит Мырзабеков. Диктор жана алып баруучулук жөнүндө.

Бүгүнкү конокто "Пирамида" телеканалынын алып баруучусу, диктор Нуржигит Мырзабеков. Кесиптери жана "Сакчылардын өрчүүсү" анимациялык фильминин үн коштоосу жөнүндө айтып берет.

May 02, 202024:12
Кажы-кужу #13. Айбек Байымбетов

Кажы-кужу #13. Айбек Байымбетов

Бүгүн конокто чыгыш таануучу, кыргыздын салттуу маданияты боюнча иш алып келе жаткан, чыгармачыл демилгелердин автору Айбек Байымбетов. Бул эпизоддо чыгыш жөнүндө маек курдук.

Apr 25, 202035:40
Кажы-кужу #12. Kyrgyz Network академиялык уюму

Кажы-кужу #12. Kyrgyz Network академиялык уюму

Бүгүн конокто "Kyrgyz Network академиялык уюмунун" негиздөөчүлөрү, Германияда жашаган мекендештерибиз Кымбат Ишембекова, Болот Алымкулов, Канжар Алдашов, Калыгул Жунушбеков. Уюм түзүү идеясы кантип пайда болгон? Башка уюмдардан айырмасы кандай? Эмне максат менен түзүлгөн жана кандай долбоорлор жүрүп жатат? Келе жаткан 4-чү онлайн конференция жана башка кызыктуу темалар жөнүндө маек курдук.

Мазмуну
  1. Таанышуу. Каяктан? Кайсыл окуу жай? Эмне жумуш? Иммиграция
  2. Уюмдун башка мүчөлөрү менен кантип тааныштыңыз эле.
  3. Уюмдун максаты? Кантип/качан түзүлгөн. Конференциялар кандай өттү?
  4. Келе жаткан биринчи онлайн-конференция“
Шилтемелер:

Kyrgyz Network академиялык уюму - https://www.facebook.com/groups/319986068830092/
18.04.2020 4-чу конференция - https://www.facebook.com/groups/319986068830092/permalink/682645825897446/
Kanzhar Aldashov - https://www.facebook.com/kanzhar.aldashov
Bolot Alymkulov - https://www.facebook.com/bolot.alymkulov.7
Kymbat Ishembekova - https://www.facebook.com/ishembekova.kumbat

Apr 16, 202054:41
Кажы-кужу #11. Нурбек Жусупов

Кажы-кужу #11. Нурбек Жусупов

Бүгүн конокто EasyUni компаниянын негиздөөчүсү Нурбек Жусупов.

Apr 05, 202058:10