Skip to main content
ЫСЫК НАН YSYK NAN

ЫСЫК НАН YSYK NAN

By S Kaldybaeva

Памирлик кыргыздар тууралуу кыргыз тилиндеги биринчи подкаст.

Podcast from Kyrgyzstan about ethnic Kyrgyz people, who are living in Afghanistan.
Available on
Apple Podcasts Logo
Google Podcasts Logo
Overcast Logo
Pocket Casts Logo
RadioPublic Logo
Spotify Logo
Currently playing episode

Вандык кыргыздар жана Рахманкул хандын тарыхий мааниси. Этнограф Зарина Урманбетованын көз карашы.

ЫСЫК НАН YSYK NANApr 06, 2020

00:00
29:58
Вандык кыргыздар жана Рахманкул хандын тарыхий мааниси. Этнограф Зарина Урманбетованын көз карашы.

Вандык кыргыздар жана Рахманкул хандын тарыхий мааниси. Этнограф Зарина Урманбетованын көз карашы.

Подкастын 6-эпизоду башка чыгарылыштардан айырмасы бар. Биринчиден, бул чыгарылышта биз памирлик кыргыздар жөнүндө эмес Туркиянын Ван облусунда жашаган вандык кыргыздар тууралуу сөз кылабыз. Экинчиден, биз антрополог менен маектешебиз. Азыр Цюрихте эмгектенген кыргыз кызы, этнограф Зарина Урманбетова Ванда жашаган кыргыздар менен кантип таанышканын, хандык система тууралуу жана памирлик туугандарына караганда Түркияда этникалык кыргыздар кантип жашоосун өткөрөөрү жөнүндө сөз кылды. Бул жана башка «Ысык нан» подкастынын баардык эпизоддорун даярдоо «Сорос-Кыргызстан» фонду тарабынан колдоого алынып даярдалды. Айтылган ой-пикирлер Сорос – Кыргызстан фондусунун коз карашын билдирбейт.
Apr 06, 202029:58
Памирлик кыргыздар эмнеге апийим (опиум) колдонушат? Ден-соолукка кандай көңүл бөлүшөт?

Памирлик кыргыздар эмнеге апийим (опиум) колдонушат? Ден-соолукка кандай көңүл бөлүшөт?

Коронавирустун дүйнө мамлекеттеринде тарашы менен, ар бирибиз өз саламаттыгыбызга өтө маани берип калбадыкпы. Ден-соолук демекчи, биз "Ысык нан" подкастынын 5-эпизодунда, Кичи жана Улуу Памирде жашаган боордоштор кандай оорулар менен жабыркагандыгын, даары-дармектин жетишсиздиги памирликтерди кандай кадамдарга туртуп жаткандыгы жана Кыргызстанга келип, атамкендик медицина аларга кандай жардам коросоткундугу тууралуу кеп кылабыз? Апийим колдонгон жашы улгайган апаны кантип Кыргызстанда даарылашкан? Айрым маалыматтарга караганда, дүйнөдөгү апийимдин дээрлик 90 пайызы Афганистанда өндүрүлөт.
Бул жана башка «Ысык нан» подкастынын баардык эпизоддорун даярдоо «Сорос-Кыргызстан» фонду тарабынан колдоого алынып даярдалды. Айтылган ой-пикирлер Сорос – Кыргызстан фондусунун коз карашын билдирбейт.

Подкастын ар бир эпизоду "Биринчи радиого" таандык.
Mar 26, 202030:19
Салт. Төртүнчү эпизоддо памирлик кыргыздар менен нарындык кыргыздардын салт-санаасын салыштырабыз.

Салт. Төртүнчү эпизоддо памирлик кыргыздар менен нарындык кыргыздардын салт-санаасын салыштырабыз.

Түбү бир элдин салттарын ортодогу аралык менен убакыт өзгөрттубу? Же окшоштуктар калдыбы? Кыз алып,кыз берүүдө нарындын келиндери менен Памирлик кыргыздардын келиндери өзүнүн өзгөчөлүктөрүн ачыка чыгарышты. Угуп, көчүрүп алып, достор менен бөлүшкуло▶️🤓
Mar 11, 202025:48
Памирлик кыргыздар Кыргызстанга көнүү процесси кандай өттү? "Ысык нан" подкастынын үчүнчү эпизоду▶️

Памирлик кыргыздар Кыргызстанга көнүү процесси кандай өттү? "Ысык нан" подкастынын үчүнчү эпизоду▶️

Түркиянын Ван облусунда бир убактарда кыргыздардын "адаптация" же көндүрүү маселесине чоң көңүл бөлүнгөн. Аларга жумушка көнүп кетүүгө шарт түзүп беришкен: тигүүчү цех ж.б. Ал эми Нарынга Памирлик кыргыздар кантип көнүштү? Жумуш табуу региондо оңойбу? Жергиликтүүлөр эмне көмөк көрсөтүштү? Баардыгы биздин 3-эпизоддо. Биринчи радионун подкасты "Сорос-Кыргызстан" фондусунун колдоосунда жарыкка чыкты.
Feb 27, 202031:43
Кыргыздарга кыргызча үйрөнүү оңойбу? Памирлик кыргыздар тууралуу биринчи подкаст.

Кыргыздарга кыргызча үйрөнүү оңойбу? Памирлик кыргыздар тууралуу биринчи подкаст.

“Жерлер барбы, кыргыз буту баспаган,

Кайың барбы кыргыз балта чаппаган?

Тоолор барбы, белдер барбы, ой барбы?

Сайлар барбы кыргыз сөөгү жатпаган?”. Памирлик кыргыздарга арналган подкаст. Бул жолу, билим алайын деп көздөп келген балдар эмне жетишкендерге жетиштик? Карап көрсөм, балдар кимиси памирдик,кимиси нарындык экенин деле айырмасы жок калыптыр. Кеттик анда!
Feb 14, 202030:37
Тизер! Биринчи кыргыз тилиндеги подкаст!Ал памирлик кыргыздарга арналат. Боордошторду унутпайлы!

Тизер! Биринчи кыргыз тилиндеги подкаст!Ал памирлик кыргыздарга арналат. Боордошторду унутпайлы!

Биринчи радионун подкасты.Кыргызча релиз подкастын биринчи эпизоду менен чыгат. Орусча тушундурмого конул буруп койгула☝️
В Кыргызстане запускается первый подкаст «Ысык нан» на кыргызском языке о памирских кыргызах

Бишкек, 28 ноября 2020.
Подкаст посвящен раскрытию темы адаптации этнических кыргызов, которые несколько столетий проживали на снежных хребтах Памира (Афганистан), а теперь волею судьбы обрели новую родину – на склонах тянь-шаньских гор в Нарыне.

Как складывается жизнь кайрылманов на новой земле? Смогли ли они интегрироваться в кыргызское общество, стать его полноценной частью или же почувствовать себя как дома не получится уже никогда? Автор подкаста – журналист Салтанат Калдыбаева постарается найти ответ на поистине философский вопрос: а может ли вообще, пусть и манящий перспективами, но такой пугающий аромат перемен заменить запах родины – дикого и заповедного Памира, где круглый год царствуют стужа, снег и ветра.

Неслучайно подкаст получил название «Ысык нан». Как отмечает автор, каждый человек, уезжая из своего дома, в первую очередь скучает по домашнему хлебу, приготовленному руками близких людей. По его разливающемуся запаху, который окутывает человека, даруя чувство счастливой сытости, уюта и защищенности. Очевидно, что для всех нас, хлеб – символ благополучия и родного очага.

Автором подкаста является Салтанат Калдыбаева, радиожурналист, на протяжении 10 лет работающая корреспондентом «Биринчи радио». Прошла обучение на тренинге Фонда "Сорос-Кыргызстан" и Central Asian Hub. Обучали профессионалы из студии "Либо▶️Либо". Специально для подготовки материалов на кыргызском языке, сотрудничая с фондом «Сорос-Кыргызстан», она побывала в Нарынской области и подготовила несколько эпизодов подкаста. Они включают «стори-теллинг» про их адаптацию, трудоустройство и быт.

Около трех лет назад на территорию Нарынской области были переселены 10 семей этнических кыргызов из Афганистана. Они проживали на высоте 4,5 тыс. метров над уровнем моря в условиях холодных высокогорных пустынь Большого и Малого Памира и практически не имели доступа к цивилизационным благам, лишь изредка спускаясь по бездорожью за продуктами в города Афганистана.

Переселение в Кыргызстан их давняя мечта. Несколько лет назад представители Правительства Кыргызстана совершили очередную экспедицию в Афганистан и доставили на Памир гуманитарный груз: продукты питания, теплые вещи и лекарства. Возвращалась делегация уже в составе с памирскими кыргызами. Главная цель приезда: получение образования для детей.

И действительно особые успехи достигнуты по сокращению безграмотности среди маленьких «возвращенцев».«Дети-памирцы» показали уникальную обучаемость: по ускоренной двухлетней программе они освоили навыки чтения, счета и письма всей начальной школы. До этого, они могли писать только на фарси, но, выучить буквы на кириллице им не составило труда»,- поделилась опытом автор подкастов Салтанат Калдыбаева. Куда сложнее социализация далась взрослым-переселенцам. От уклада жизни и привычек современных кыргызов они испытали настоящий культурный шок.«Даже факт того, что люди купаются в бане или жарят макароны стал для них огромным потрясением, совершенно новой категорией, не укладывающейся в сознании памирца», - говорит Салтанат.

Но, тем не менее, во время подготовки данного материала, стало ясно, что большинство памирских кыргызов, глубоко понимая преимущества жизни в Кыргызстане, все же мечтают вернуться к себе на Родину, к жизни с земляками на высокогорном Памире, у костров которого так приятно угоститься свежеиспеченным ароматным хлебом...

«Дом там, где находится твое сердце». Размышляя над этими словами, невольно приходит мыль «А может быть стоит доработать программу Правительства по оказанию содействия?» Конечно, предоставление социальных льгот это хорошо, но пожив совсем немного рядом с памирцами остро чувствуешь их щемящую тоску по родине и начинаешь понимать, что мало дать кров, обуть и обогреть, надо уметь открыть сердце. Добро пожаловать!
Feb 01, 202001:16
Памирлик кыргыздар кимдер,кантип Афганистанга барып калышкан?

Памирлик кыргыздар кимдер,кантип Афганистанга барып калышкан?

Биринчи кыргыз тилиндеги подкаст Памирдин (Афганистан) карлуу тоо кыркаларында бир нече жүз жылдан бери этникалык кыргыздардын байырлашын, бүгүнкү күндө тагдырдын жазмышы менен жаңы жерге – Нарындагы Тянь-Шань тоо этегине жайгашуу темасын ачып берүүгө арналган.

Кайрылмандар жаңы конуштардагы турмушу кандай өтүп жатат? Алар кыргыз коомчулугу менен аралашып, анын толук кандуу бөлүгү болуп кете алдыбы же башкача айтканда алар өз үйүндөгүдөй сезе алыштыбы? Подкаст автору – Салтанат Калдыбаева философиялуу суроого жооп издейт: Дегеле Мекенинин – жыл бою чыкыроон суук, кар жана шамал өкүм сүргөн жапайы Памирди жаркын келечекке тартуучу өзгөрүүгө айырбаштоого болобу?

Бул подкаст жөн жерден «Ысык нан» деген аталышты алган жок. Автордун белгилөөсүндө, өз үйүнөн чыгып кетип жаткан ар бир адам биринчи эле кезекте үйдө жакын адамдары жасаган колдун нанын сагынат. Анын аңкыган жыты адамды толугу менен тартып алып, токчулук, жыргалчылык, кандайдыр бир коргоочулук сезимдерди тартуулайт.

Ырасында, баарыбыз үчүн нан – бул байгерчиликтин, токчулуктун жана өз коломтоңдун белгиси.

Подкасттын автору Салтанат Калдыбаева – радиожурналист. 10 жылдан ашуун «Биринчи радио» радиосунун журналисти болуп иштеп келет. «Сорос-Кыргызстан» фонду менен кызматташып, кыргыз тилиндеги материалдарды даярдоо үчүн атайын Нарын облусунда болуп, подкасттын бир нече эпизоддорун даярдады. Анда алардын ыңгайлашуусу, ишке орношуусу жана турмуш-тиричилиги тууралуу аңгеме-баяндар («стори-теллинг») камтылган.

Мындан 3 жылдай мурун Нарын облусунун аймагына Ооганстандагы этникалык кыргыздардан 10 үй-бүлө көчүрүлүп келинген. Алар деңиз деңгээлинен 4,5 миң метр бийиктиктеги Чоң жана Кичи Памирдин суук жана бийик тоолуу, чөл шартында жашап келишкен жана цивилизацияга аралашууга шарты да болгон эмес. Анда-санда гана Ооганстандын шаарларына азык-түлүк алууга барып-келишчү.

Кыргызстанга көчүп келүү алардын көптөн берки кыялы. Бир топ жыл мурун Кыргыз Өкмөтүнүн өкүлдөрү Ооганстанга кезектеги экспедиция менен барып, Памирге гуманитардык жүктөрдү: азык-түлүктөрдү, жылуу кийим-кече жана дары-дармектерди жеткирип келишкен. Экспедицияга Памир кыргыздары кирип, барган делегация менен кайтып келген. Алардын делегация менен келишинин башкы максаты балдарынын билим алуусу болгон. Чындыгында эле бул максат ишке ашып, кичинекей боордоштордун кат-сабаты ачылган.

«Памир балдары бир топ ийгиликтерге жетишкен: алар ыкчамдатылган эки жылдык программа боюнча окуганды, эсептегенди жана башталгыч класстардын баардык окуу, жазууларын өздөштүрүшкөн. Буга чейин алар фарси тилинде гана жаза алышчу. Кириллица тамгасы менен жазуу аларга кыйынчылык жараткан жок»,- дейт подкаст автору Салтанат Калдыбаева өз тажрыйбасы менен бөлүшүп. Ал эми Памирден көчүп келген чоң адамдардын социалдашуусу татаалыраак болду. Турмуш көнүмүшүнөн жана азыркы кыргыздардын адаттарынан алар чыныгы маданий шокко кабылышты.

«Ал гана эмес адамдардын мончого жуунушу же жөн эле макарондун куурулушу алардын оюна эч келбеген, таптакыр жаңы көрүнүш болду»,- дейт Салтанат.

Ошол эле маалда , бул материалды даярдап жатканда памир кыргыздарынын көпчүлүгү Кыргызстандагы жашоо-турмуштун артыкчылыгын терең түшүнүп турса дагы, кайра эле өз Мекенине, бийик тоолуу Памирдеги, жыты аңкып, жаңы нан бышырып жаткан мештин айланасындагы жердештери менен жашоого кайтып кетүүнү самашаары белгилүү болду…

«Сенин жүрөгүң кайсы жерде болсо, үйүң ошол». Бул кептин айланасында ой калчап отуруп, аргасыздан «Балким Өкмөттүн кайрылмандарга көмөк көрсөтүү боюнча программасын жакшылап иштеп чыгуу керектир?» деген ой келди. Албетте, социалдык жеңилдиктерди берүү – бул жакшы деңизчи. Бирок памирликтер менен анча-мынча жашап көрүп, Мекенине болгон жүрөк ооруткан кусасын сезесиң. Анан бара-бара кан-жаныңды берип, кийинтип, ичинтип, жылытуу менен катар жүрөгүңдү ача билишиң керек экенин түшүнө баштайсын. Суроо-сунуш болсо Фейсбуктан Салта Калдыбаевага жазсаныз болот!
Jan 30, 202035:01