Skip to main content
Mediakyzdar

Mediakyzdar

By Tynymgul Eshieva

Бул подкаст медиа чөйрөсүндө иштеген айымдар жөнүндө. Алардын иши, кыялдары жана күнүмдүк кыйынчылыктарды кантип жеңип жатышканы жөнүндө баяндама. Кыргызстандын медиа тармагына көз чаптырсак, көптөгөн ЖМКлардын аял жүзүн белгилебей коюуга болбойт, алар коомдук пикирди калыптандырып, жоопкерчиликтүү журналистиканы өнүктүрүп, бизге маанилүү маалыматтарды берип турушат.
Currently playing episode

Асель Сооронбаева: "Адамдардын так маалыматка суроо талабы өскөн"

MediakyzdarJul 05, 2022

00:00
30:14
Медиакыздар Суусамыр ФМден салам айтат

Медиакыздар Суусамыр ФМден салам айтат

Бул өрөөнгө 12 жылдан бери обого чыгып келе жаткан Суусамыр FM чакан аймактык радиосунун "Медиакыздар" подкастынын өзгөчө чыгарылышы. БААУнун студенттери, Жамааттык медиа ассоциациясынын директору Назира Жусупова, Жаратмандар ассоциациянын жетекчиси Назгүл Кубакаева менен бирге радиого барып, аймактардагы адамдар ММКда кандай иштеп, жаратмандыгын өнүктүрүп жатканын билүүгө аракет кылдык. Биз радиодо эфирге чыгып, саякат тууралуу подкаст дагы жаздыра алдык.

Үндү БААУнун студенттери Алина Байтокова жана Масума Махамадалиева жаздырышкан, монтажда Санжар Эралиев.

Apr 19, 202413:33
2023-жыл медиа сынчылардын көз карашында

2023-жыл медиа сынчылардын көз карашында

Бул жылы Кыргызстандын медиа тармагында глобалдык индексте сөз эркиндигинин төмөндөшүнөн, маалымат каражаттарынын блоктолушунан баштап, глобалдык иликтөө конференциясында кыргыз журналисттери катышып, жаңы форматтарды өздөштүрүүгө чейин жакшы да, жаман да көптөгөн окуялар болду. Медиа сынчылар Бурулай Пусурманкулова менен Асел Сооронбаева жеке пикири жана кесиптештеринин иши боюнча жыл жыйынтыгы менен бөлүшүштү. “Медиакыздар” подкаст жыйынтыгын чыгарып, 3-сезонду жалпы 20чы эпизод менен аяктайт.


Dec 20, 202337:03
Майраш Базлакунова: "Мен инсайдердик маалыматтан хайп жараткым келбейт".

Майраш Базлакунова: "Мен инсайдердик маалыматтан хайп жараткым келбейт".

Бүгүн #MediaKyzdar подкастында Майраш Базлакунова, ал  өзүнүн автордук  Youtube   каналында белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер, шоу-бизнес жана ЖМKлардын өкүлдөрү менен баарлашууда. Подкастта ал өзүнүн ишин жүргүзүүнүн, ийгиликтүү интервьюлардын жана фрилансердиктин сырлары менен бөлүшөт.

Майраш Базлакунова, 1996-жылы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетин аяктаган. «Эркин-Тоо» гезитинде журналист болуп иштеп баштаган, 1996-2007-жылдары КТРКда радио алып баруучу, маалыматтык-аналитикалык берүүлөрдүн модератору, Биринчи радиодо баяндамачы болуп иштеген. 2019-жылга чейин «Марал» радиосунун редактордун орун басарын, андан кийин башкы редактору болуп иштеген. 2016-жылдан ушул күнгө чейин «Базлакунова Медиа» ЖЧКсын жетектеп, автордук каналында интервьюларды жарыялап келет.

Jun 01, 202323:56
3 сезон. «Медиакыздар» академиясы аймактардагы кыздардын башын бириктирет

3 сезон. «Медиакыздар» академиясы аймактардагы кыздардын башын бириктирет

Бул чыгарылышта IDEA Борбордук Азия долбоорунун Медиакыздар академиясынын кыздары менен тааныштык. IDEA  Борбордук Азия уюмунун медиакоординатору Камила Усманова «Медиакыздар» долбоорунун жыйынтыгы тууралуу айтып, "Баткенге кат" демилгесинин окуяларын баса белгиледи. Баткенден Курсанай Азимова жана Таластан Мээрим Алымбаева Бишкекке келип, ишкерликти үйрөнүп, ошондой эле өз идеяларын чоң иш-чарада тартуулашты. Бүгүнкү күндө аймактарда кайсы каналдар популярдуу болуп жатканын, жаңы медиа кыздарга кандай жардам берери жөнүндө бул эпизоддо кеп кылдык. Ошондой эле кыздар өздөрүнүн жеке окуялары жана жетишкендиктери менен бөлүшүп, медиа адамдардын жашоосуна кандай таасир эткенин, кайсы темалар аймактарда актуалдуу болуп жатканын айтып, максаттарын да жарыялашты.

Apr 12, 202330:19
3 сезон. Азиза Мурзашова: “Аутизми бар баланын энеси болуу жөнүндө бөлүшөм”

3 сезон. Азиза Мурзашова: “Аутизми бар баланын энеси болуу жөнүндө бөлүшөм”

Жаңы медиадагы аялдар тууралуу сөз кылган #MediaKyzdarдын үчүнчү сезонун бул чыгарылышында  SMM адиси Азиза Мурзашова менен маектештик. Ал аутизм менен төрөлгөн баланын энеси болуунун тажрыйбасы, @ozgocho.kyrgyzstan Инстаграмм баракчасынын максаттары менен бөлүштү. Cоциалдык тармактарда жек көрүчүлүккө жооп берүү жолдорун жана аялдардын укугун коргоо боюнча жаңы медиа кандай жардам берерин айтып берип, деги эле жөнөкөй кыргыз кыздын жашоосун сүрүү кандай экенин түшүндүрдү.

Mar 29, 202343:56
3 сезон. “Эже-Сиңдилер” программасы: “Биз аялдар бардык темаларда сүйлөй турганын белгилебиз келет”.

3 сезон. “Эже-Сиңдилер” программасы: “Биз аялдар бардык темаларда сүйлөй турганын белгилебиз келет”.

Алия менен Айгерим бир нече жылдан бери “Азаттык медиасында” “Эже-синдилер” программасын алып барып, коомчулукту түйшөлткөн ар кандай маселелерди көтөрүп келишет. Подкасттын бул чыгарылышында Алия менен Айгерим жеке окуялары жана жаңы медиа аркылуу аудиториялары менен кантип баарлашары, медиа сабаттуулук жана гендердик сезимталдык деген эмне, алардын ою боюнча маалымат дүйнөсүндө тең салмактуулукту кантип сактоо керектиги тууралуу айтып беришти.

Jan 30, 202335:45
3 сезон: МедиаЖаса долбоорунун медиакыздары сүйлөйт

3 сезон: МедиаЖаса долбоорунун медиакыздары сүйлөйт

Бул чыгарылышта IDEA CA тарабынан "Сорос-Кыргызстан" Фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан MediaJasa долбоорунун 2022 -жылынын бүтүрүүчүлөрү cүйлөйт. Эпизод "Медиакоон: Эркиндик үчүн" форумунун жүрүшүндө жазылган, ал жерде каалагандар подкасттарын жаздыра турган подкаст бөлмөсү болгон. 

MediaKyzdar бүгүнкү медиакыздар менен баарлашууну чечти. Айжан Таштанова, Гүлназ Камбарали кызы, Гулиза Урустамбек, Мээрим Айныкеева, Айзирек Эркебаева, Зарина Боогачиева, Эркайым Алиева медиа долбоорлору жөнүндө кеп салып, коомго канчалык пайдалуу экенин айтып беришти. 

Dec 12, 202224:56
Венера Сагындык кызы: “Cөз эркиндиги улуттук мүнөзүбүздө табигый нерсе”

Венера Сагындык кызы: “Cөз эркиндиги улуттук мүнөзүбүздө табигый нерсе”

Венера Сагындык кызы (Джуматаева), Эркин Европа/Азаттык радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. #MediaKyzdar подкастында ал бүгүнкү күндөгү сөз эркиндигин талдап, жеке ойлору менен бөлүшүп, кыргыз журналистикасынын тарыхына кайрылып, ага таасир эткен окуяларды, аттарды, анын ичинде Азаттыктын ордун, тарыхын белгиледи. 2001-жылдан бери Эркин Европа/Азаттык радиосунун радионун Прагадагы кеңсесинде журналист, редактор, жетекчи болуп иштейт. Бир жыл журналисттерге тренер, дагы бир жылдай Борбор Азия боюнча регионалдык директордун милдетин аткаруучу болуп иштеген. Азыр Борбор Азия боюнча редактордун милдетин аткаруучу болуп иштеп жатат. 1990-жылдары "Азаттыктын" Кыргызстандагы эркин журналисти, Британиянын Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институтунда кабарчы болгон. Кыргыз, орус, англис тилдеринде макалалары жарык көргөн. Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган. Мукаш Абдраев атындагы атайын музыкалык мектепте пианист, музыка таануучу адистиги боюнча билим алган. 2004-жылы "Азаттык+" жаштар программасын ачып, редактор-продюсери болгон.

Nov 22, 202239:42
Максуда Айтиева: “Радио “Салам” менин үчүнчү балам эле болуп калды”

Максуда Айтиева: “Радио “Салам” менин үчүнчү балам эле болуп калды”

Подкастта Максуда Айтиева Баткенде алгачкы көз карандысыз радио кандайча түзүлгөнү, йигилик сырын жана 2000-жылдардын башында журналистиканын өнүгүүсү жана көйгөйлөрү, аймактарда медианы өнүктүрүү эмне үчүн кыйын болуп жаткандыгы тууралуу айтып берди, кыргыздарда сөздүн күчүн жана касиетин талдап акындардын медиасабаттуулукка кошкон салымын белгиледи.

Nov 14, 202239:52
Тамара Валиева: «Мы в «Замане» были совершенно свободными, хотя в это сложно поверить сейчас»

Тамара Валиева: «Мы в «Замане» были совершенно свободными, хотя в это сложно поверить сейчас»

Если говорить об истории кыргызской журналистики, то ТВ являет собой большой пласт работы медиасреды того времени и конечно же монополию держал первый канал страны – КТР, впоследствии КТРК и сегодня это государственный канал. Одним из первых в стране утреннюю программу запускали на КТР и до сих пор “Замана” – утренняя программа - выходит в эфире главного канала страны. Тамара Валиева, одна из тех кто стоял у истоков утренней программы на КТР, в подкасте #MediaKyzdar рассказала о том как страна переходила на ТВ вещание на заре независимости и как дальше развивался главный канал страны.

Nov 02, 202243:59
Шайиста Шатманова: “Супер-Инфо” - кыргыз гезиттеринин америкалык кыялы болгон

Шайиста Шатманова: “Супер-Инфо” - кыргыз гезиттеринин америкалык кыялы болгон

#МедиаКыздар подкасты медиа чөйрөсүндө иштеген айымдар менен тааныштырып келе жатат. Экинчи сезон  кыргыз журналистикасынын тарыхына арналат.

Кыргыз журналистикасынын тарыхын айта турган болсок, эң популярдуу гезиттерди эстен чыгарбашыбыз керек. Алсак, эң көп нускалуу «Супер-Инфо» гезити. Мен бул басылманын мурдагы башкы редактору жана директору Шайиста Шатманованы маекке чакырдым.

Шайиста Шатманова 1981-жылы 16-октябрда Ала-Бука районунун Биринчи-Май айылында туулган. 2003-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтун бүтүргөн, кесиби боюнча журналист.

Sep 27, 202230:32
Аскер Сакыбаева: «Кыргызстан эгемендик алгандан кийин журналистикасы абдан эркин болгон»

Аскер Сакыбаева: «Кыргызстан эгемендик алгандан кийин журналистикасы абдан эркин болгон»

Биринчи чыгарылышта Аскер Сакыбаева менен 90-жылдардын ортосу, 2000-жылдардын башындагы кыргыз тилдүү гезит журналистикасы, маалымат айдыңы кандай калыптанганы, бийлик, аудитория менен мамилеси кандай болгондугу тууралуу кеп кылабыз. Аскер Сакыбаева – журналист, редактор, Кыргызстандын медиа аракеттери платформасынын Координациялык кеңешинин мүчөсү. Кыргыз радиосунда КТРКда кабарчы, андан соң «Асаба» гезитинде кабарчы, жооптуу редактор, «Агым» гезитинде кабарчы, жооптуу катчы, башкы редактордун орун басары, редакторлук кызматтарды аркалап, «Жетимен» адабий журнал редакциясын жетектеген жана «Алас» коомдук-саясий гезитинде жооптуу катчы болуп иштеген. Акыркы жылдары ал эркин журналист катары иш алып барат.

Sep 14, 202251:49
Кыргыз медиаларынын тарыхы: Аскер Сакыбаева менен эпизоддун тизери

Кыргыз медиаларынын тарыхы: Аскер Сакыбаева менен эпизоддун тизери

Биринчи чыгарылышта Аскер Сакыбаева менен 90-жылдардын ортосу, 2000-жылдардын башындагы кыргыз тилдүү гезит журналистикасы, маалымат айдыңы кандай калыптанганы, бийлик, аудитория менен мамилеси кандай болгондугу тууралуу кеп кылабыз. Аскер Сакыбаева – журналист, редактор, Кыргызстандын медиа аракеттери платформасынын жана платформанын Координациялык кеңешинин мүчөсү.

Sep 13, 202200:50
Сюита Соурбаева: «Азыркы элдин талабы – ар бир жарандын үнү бийликке жетиш керек»

Сюита Соурбаева: «Азыркы элдин талабы – ар бир жарандын үнү бийликке жетиш керек»

Сюита Соурбаева телевидениеде жаңы эмес киши, ал көп жылдар бою республикалык жана жергиликтүү телеканалдарда түрдүү кызматтарда иштеген. “Медиакыздар” подкастында Сюита журналист катары басып өткөн жолу, мамлекеттик маалымат каражаттарынын ишин кандай көрөөрү, аймактык ЖМКлар кандай кыйынчылыктарга дуушар болорун, популярдуу каналдын түз эфирине чыгуу жана  катуу жетекчи болуу кандай болору тууралуу айтып берди.

Aug 15, 202229:40
Айзада Касмалиева: «Биздин максатыбыз - эркин коом түзүү»

Айзада Касмалиева: «Биздин максатыбыз - эркин коом түзүү»

Айзада Касмалиева маегинде өлкөдөгү эң таасирдүү маалымат каражаттарынын бирин кантип жетектеп келип жатканын, редакциянын ар бир кызматкеринин коопсуздугу жөнүндө ойлонгонун, өзү репортаждык жумушту кантип аткарганын, журналисттик жумуштун түйшүгүн көтөрүү жана деги эле азаттыкчы болуу кандай экенин “Медиакыздар” подкастына айтып берди.

Aug 02, 202229:59
Кайыргүл Урумканова: "Журналистика элге иштеши керек"

Кайыргүл Урумканова: "Журналистика элге иштеши керек"

Журналист, медиа-менеджер Кайыргүл Урумканова эмгек жолун Каракол шаарындагы “Экологиялык жаштар телевидениеси” (ЭЖТВ) каналында аймактык журналист болуп баштап, Бишкектин мамлекеттик жана жеке менчик жалпы маалымат каражаттарында ар кандай кызматтарда иштеген. Көптөгөн телеберүүлөрдүн автору, азыр Говори ТВ мультимедиа долбоорун ишке ашырып, «Кыйын» ток-шоусун алып барууда.

Jul 27, 202229:15
Жаннат Токтосунова: "Медиа жаңы идеяны талап кылат"

Жаннат Токтосунова: "Медиа жаңы идеяны талап кылат"

Жаннат Токтосунова журналисттердин үй-бүлөсүнөн чыккандыктан, маалымат каражаттарынын иши менен жакындан тааныш болгон. #Медиакыздар подкастында ал Таласта кантип иштей баштаганын, бүгүнкү күндө аймактык ЖМКлар кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатканын, редакциядагы чоң өрттөн кантип аман чыгып, медианын күчүнө ишенгендигин айтып берди.

Jul 19, 202229:25
Элвира Султанмурат кызы: "Жашоом жагат өзүмө"

Элвира Султанмурат кызы: "Жашоом жагат өзүмө"

Эльвира Султанмурат кызы 10 жыл мурун Клооптун редакциясына келип, студент кезинде журналисттик мектептен өтүп, редактор-тренерге чейин иштеди. Июль айынан баштап MediaHub командасына редактордун орун басары катары кошулду. Команда бир жылдан ашык убакыттан бери коррупция, финансылык көз боёмочулук жана укук бузуулар боюнча журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүп келет. Подкастта ал Баткенге болгон сүйүүсүн, журналисттик эмгек анын жашооcуна, кесипке болгон көз карашын кандайча өзгөрткөнүн, кыргыз журналистикасы эмнеге умтулушу керектигин айтып берет.

Jul 12, 202235:39
Асель Сооронбаева: "Адамдардын так маалыматка суроо талабы өскөн"

Асель Сооронбаева: "Адамдардын так маалыматка суроо талабы өскөн"

Асель Сооронбаева, фактчек сайтынын кыргыз редактору өзүн үч сөз менен мүнөздөгөндө бул сөздөрдү айтып кетти: дайыма билимге ачык, тырышчактык жана жөнөкөйлүк. Ар тараптуу адиске булар эң керектүү сапаттар. 

Медиакыздар подкастынын  коногунун акыркы беш жыл таржымалын карасак, бул нерсеге бир нече далилдерди бере алабыз. Убагында политология илимин окуп, уюлдук компанияда оператордон баштап, тейлөө кызматын текшерүүчү бөлүмүнө чейин иштеп, дүкөндү иштетип, ондогон журналисттик окутууларды, мектептерди бүтүп, бүгүн алгачкы фактчекинг порталынын кыргыз редактору болуп келе жатат.

Jul 05, 202230:14
Политклиника: кыргыз журналистикасынын жаңы жүзү

Политклиника: кыргыз журналистикасынын жаңы жүзү

"Медиакыздар" подкастынын биринчи сезонунда жергиликтүү журналистиканын кыргыз тилдүү сегментинде иштеген белгилүү айымдар менен таанышасыз. 

Подкасттын биринчи чыгарылышынын коногу - журналист Дилбар Алимова.

Дилбар Алимова – "ПолитКлиника" онлайн басылмасынын негиздөөчүсү жана башкы редактору, иликтөөчү журналист, фактчекер, ЖМКлардын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссиянын мүчөсү. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетинин бакалавриат жана магистратурасын аяктаган. Мурда «Де-факто», «Учур» гезиттеринде, IWPR жана "Эркин Европа/Азаттык" радиосунда штаттан тышкары кызматкер болуп иштеген.

Jun 28, 202231:48
Дилбар Алимова менен маектин тизери

Дилбар Алимова менен маектин тизери

Подкасттын биринчи чыгарылышынын коногу - журналист Дилбар Алимова.

Дилбар Алимова – "ПолитКлиника" онлайн басылмасынын негиздөөчүсү жана башкы редактору, иликтөөчү журналист, фактчекер, ЖМКлардын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссиянын мүчөсү. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетинин бакалавриат жана магистратурасын аяктаган. Мурда «Де-факто», «Учур» гезиттеринде, IWPR жана "Эркин Европа/Азаттык" радиосунда штаттан тышкары кызматкер болуп иштеген.

Jun 28, 202200:49