Skip to main content
Байбол

Байбол

By айзат туменбае\

Мен, Айзат Түмөнбаева Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургунумун. Сиз үчүн “Байбол” аталышындагы подкастты даярдагым келди. Себеби, өзүм бала чагымдан айылда чоңойгондуктан, айылда кандай иштер менен айыл тургундары алек болоорун жакшы билем. Ошол эле учурда айылда иш менен камсыз болуу өтө кыйын экенин да жакшы түшүнөм. Бирок айылда жумуш жок дебестен, өзү туулуп, өскөн жеринде эле өз алдынча ишкердик кылып жаткан ишкерлер жөнүндө баяндайм. Ал эми ийгиликке жетүү жолу, оңойго турбаган иш экенин жакшы билебиз.
Нарын облусу тоолуу, кышы узак, жайы кыска болгондуктан ишк
Currently playing episode

Эжигей.Супара подкастынын 3 чыгарылышы

БайболJun 09, 2021

00:00
10:33
Эжигей.Супара подкастынын 3 чыгарылышы

Эжигей.Супара подкастынын 3 чыгарылышы

Бул подкастта сүт азыгынан жасалган тамак тууралуу сөз болот. Маектешибиз Толгонай апа бул азык жеп көргөндөн кийин жасалышын эсине түйүп калып, бир канча жолу жасап көргөн. Жасоо жолу абдан түйшүктү жараткандыктан бүгүнкү күндө эч ким деле жасабаганын баса белгилейт. Себеби сүт азыгы болгону менен кой жана эчкинин сүтүнөн гана жасалат экен.
Jun 09, 202110:33
Сүмөлөк

Сүмөлөк

Супара подкастынын 2 чыгарылышы. Бул чыгарылышта сүмөлөк жана көжө тамактарынын айырмасы жана жасалышы жөнүндө сөз болот. Маектешим Толгонай апа. Толгонай апанын ар бир айткан сөзү менен жасаган иши төп келген нарктуу карыларыбыздын. Салтты кадырлап багып кичүү муунга өткөрүп берип келген апабыз бүгүнда бизде конокто
Mar 20, 202113:57
Супара подкастынын биринчи чыгарылышы. Аталышы да СУПАРА.

Супара подкастынын биринчи чыгарылышы. Аталышы да СУПАРА.

Бул чыгарылышта дасторкон менен супаранын айырмасын билесиз. Дасторкон маданияты, бата берүү, суу кую жана тамак берүү жөнүндө кенен баян болот
Mar 20, 202119:13
Эмгек биржасын түптөгөн Эсенбек мырза

Эмгек биржасын түптөгөн Эсенбек мырза

Жумушсуздук күч алган мезгилде "эмгек биржасын" түзүп, 200 адамдан башын бириктирип, иштешип жаткан Замир мырза БАЙБОЛ подкастынын коногу. Кызмат көрсөтүүнүн 56 түрү бар жана чакыруу менен кызмат кылган адамдар иштеген ишине ыраазы. Бул ишти уюштуруунун эң негизги максаты жумушсуздуктуу жоюу жана тышкы, ички мигранттардын санын азайтуу дейт биздин каарман
Jun 13, 202019:16
Жылкылары таман чыккан Замир мырза

Жылкылары таман чыккан Замир мырза

Айылда малды бордоп сатса баа болооруна көзү жеткен Замир мырза короосуна атайын сарай салып жылкы байлап сатат. Акыркы 3 айдан бери байланган жылкыларга кардарлар жок. Мунун себеби жалпыга маалым болгондой карантин. Бирок ишкер баардык нерсе өз ордуна келет деген ишеними бар. Бирок ага убакыт керек дейт Байбол подкастынын 9 -коногу.
Jun 10, 202011:08
Экинчи атын эл билбеген Майрам эже

Экинчи атын эл билбеген Майрам эже

Куланак айылынын тургуну Майрам Дүйшебаева көп жылдар бою жаш муундарга тарбия берүү менен ветеринардык кызматты аркалап келген. Учурда сүйгөн кесибининен алыстабай айылга чакан ветеринардык аптека ачып алып, кызмат кылат. Бирок чакырыкка барып мал даарылаганда кардарларынан эмгек акы албайт. Эгер сунуштагандарга абдан таарынган эжебиз БАЙБОЛ подкастынын 8-чыгарылышынын коногу.
Jun 01, 202044:03
Союздан калган ак койлор

Союздан калган ак койлор

Байбол подкастынын бүгүнкү коногу асыл тукум делген "меринос" койлорун багып келген Талантбек Орозакунов. Маектешим ак койлорду багып калганынын себеби, багуу сырлары жана базардагы орду менен кенен баяндап берет. Учурдагы кырдаал фермер, малчыларга тийгизген таасирине да токтолду.
May 20, 202014:53
Айылда 5 кызды жумуш менен камсыз кылган Фарида

Айылда 5 кызды жумуш менен камсыз кылган Фарида

БАЙБОЛ подкастынын 6-чыгарылышы. Подкастар жарык көрө баштагандан бери ар бир каармандан карантин ишкерликке кандай таасирин тийгизди деп сурап келем. Ар кимден ар кандай жоопторду уктук. Ал эми бүгүнкү коногубуз Фарида Самсалиева жумушсуз калдык деди. Себеби Бишкек шаарынан даяр кройлор келип 5 кызды жумуш менен камсыз кылчу. Азыр эмне менен алек болуп жатат карантин узакка созулса кандай иш аракеттерди кыласыз деп кепке тарттык
May 13, 202019:58
Заманбап куруучу Чынгыз

Заманбап куруучу Чынгыз

БАЙБОЛ подкастынын 5-чыгарылышынын коногу Дүйшекеев Чынгыз. Ал Куланак айылынын тургуну. Колунан көп нерсе келгендиктен ал жумушсуз такыр калбайт. Бул нерселерди үйрөнгөндүгүнүн себеби жокчулук жашоо жана үй бүлөөнү багуу болгон. Ал устачылыкты жер кыдырып иштеп жүрүп үйрөнгөн
May 06, 202018:47
Сүт жана эт багытындагы уй багуу пайдалуу

Сүт жана эт багытындагы уй багуу пайдалуу

Учурда мал багууда дагы санга эмес сапатка карап фермерлер мал өндүрө башташты. Буга себеп учурдун талабы деп эсептеген жеке ишкер Адыл Кыдыралиев бүгүнкү күндөгү ийгилиги менен ой бөлүшөт. Азыркы чарбаны куруу оңойго турбаган иш экенин биздин каарманыбыз баса белгилейт.
Apr 25, 202025:33
Байбол

Байбол

"Байбол" подкасты Нарын жергесиндеги жеке ишкерлер менен маектешүү.
Apr 25, 202001:37
Каныкей торту

Каныкей торту

Куланак өрөөнүн торт менен камсыз кылган Каныкей аттуу жаш ишкер айым учурда эргүүдө. Буга себеп кичинекей баласы жана учурдагы кырдаал болуп жаткан карантин. "Бирок көнүп алган эл эшикти каккылап үйгө келгендердин аягы тыйылбай жатат" дейт. Таттуу тортторду жасап, элге кантип таанылып, ишкердик кылып калган Учкун айылынын тургуну Каныкей айым "БАЙБОЛ" подкастынын коногу.
Apr 23, 202019:09
Бул тармакты да байкап көрүүнү туура көрдүм

Бул тармакты да байкап көрүүнү туура көрдүм

Айылда эшикке чыксаң эле жумуш деген Шайлообек Исаев, бүгүнкү күндө дыйканчылык, багбанчылык жана бал аарыларын багып эмгектенет. "Бирин эле алып кетүү бул өтө коопту... Колуңан келип, көзүң жетип турса ак эмгектен эч зыян тартпайсың" - деген каарманыбыз БАЙБОЛ подкастынын коногу.
Apr 18, 202027:20
Нарындын шартында эки ирээт жыйналат

Нарындын шартында эки ирээт жыйналат

Жумушсуздуктун айынан ар кандай долбоорлор менен иштешип жүрүп, теплица ачып алган Гульнур Солтобаеванын бүгүнкү күндө 2 жумушу бар. Бири мугалимдик, экинчиси жеке ишкердик. Учурда экөөн бирдей алып кеткен айым багбанчылыктын сырлары менен тең бөлүшөт
Apr 13, 202017:29