Skip to main content
Киши

Киши

By Elmurat Ashiraliev

“Киши” подкастына куш келиңиз!

Бул Кыргызстандагы диний ишенимдер жана салттар жөнүндө маалымат бөлүшүү аянтчасы.

Ар бир чыгарылышта ар түрдүү ишенимдеги кыргызстандыктар өздөрүнүн дүйнөгө болгон көз карашы жөнүндө айтып беришет. Өз ишенимиңиз жөнүндө айтып бергиңиз келсе, мага байланышсаңыз болот https://t.me/aelmurat
Available on
Apple Podcasts Logo
Google Podcasts Logo
Overcast Logo
Pocket Casts Logo
RadioPublic Logo
Spotify Logo
Currently playing episode

16. Фатима • Fatima

КишиApr 04, 2022

00:00
13:39
16. Фатима • Fatima

16. Фатима • Fatima

Бул эпизод ырчы жана аткаруучу Фатима Султанова жөнүндө болмокчу. Ал өзүнүн жан дүйнө дабышына кантип кулак сала баштаганы жөнүндө айтып берет.

Apr 04, 202213:39
15. Улан • Ulan

15. Улан • Ulan

Улан бул эпизоддун каарманы. Ал ишеними жашоосунда кандай багыт берип келатканын айтып берет. Өз ишенимиңиз жөнүндө айтып бергиңиз келсе, мага байланышсаңыз болот https://t.me/aelmurat

Jan 05, 202218:34
14. Асел • Asel

14. Асел • Asel

“Киши” подкасты кайрадан ободо! Кезектеги эпизоддо бахаи коомунун өкүлү Асел өз ишеними жөнүндө ой бөлүшөт. Подкаст жакса, дос-тааныштарыңыз менен да бөлүшүп коюңуз. Өз ишенимиңиз жөнүндө айтып бергиңиз келсе, мага байланышсаңыз болот https://t.me/aelmurat

Jul 05, 202113:45
13. Болот, Айбек | Bolot, Ajbek

13. Болот, Айбек | Bolot, Ajbek

Ушуну менен Кыргызстандагы дин жана ишеним эркиндигине арналган 2-сезонду жыйынтыктайбыз. Бул сезондун акыркы эпизодунда эки мейманым өз ишеними жөнүндө ой бөлүшөт. Сиз дагы тутунган диниңиз же карманган ишенимиңиз жөнүндө айтып бергиңиз келсе, мага байланышыңыз. Бонустук эпизоддор аркылуу амандашканча!

Sep 17, 202023:04
12. Карагат | Qaragat

12. Карагат | Qaragat

Бул эпизоддо Карагат менен таанышасыз. Ал өз жашоосундагы буддизмдин ордун жана маанисин түшүндүрүп берет.

Sep 10, 202021:10
11. Кайырбек | Qajyrbek

11. Кайырбек | Qajyrbek

Бүгүнкү чыгарылышта Кайырбектин окуясы менен таанышасыз. Ал өз жашоосундагы машаякчылыктын орду жөнүндө айтып берет.

Sep 03, 202022:49
10. Нурбек, Эрмамат | Nurbek, Ermamat

10. Нурбек, Эрмамат | Nurbek, Ermamat

Бул эпизоддо эки мейманым бар. Бири Нурбек. Ал ислам динин тутунуп жашоого Саид Нурси аттуу ойчулдун эмгектери салым кошкону жөнүндө ой бөлүшөт. Экинчиси Эрмамат болсо бир мусулман катары бул жашоодо башкы максаты эмне экенин түшүндүрүп берет.

Aug 27, 202021:49
9. Айчүрөк | Ajchürök

9. Айчүрөк | Ajchürök

Бул чыгарылышта Айчүрөк агностицизмдин өз жашоосундагы маанисине токтолот. 

Aug 20, 202022:21
8. Рухидин | Ruhidin

8. Рухидин | Ruhidin

Кыргызстандагы дин жана ишеним эркиндигине арналган 2-сезон башталды. Бул сезонду Рухидиндин окуясы менен ачабыз. Ал “Кришна аң сезими боюнча эл аралык коому” (ISKCON) деп аталган диний уюмдун окуусу жөнүндө айтып берет.

Aug 13, 202023:40
2-сезон. Трейлер

2-сезон. Трейлер

“Киши” подкастына куш келиңиз! Экинчи сезонду баштоо алдында турабыз. Бул сезон Кыргызстандагы дин жана ишеним эркиндигине арналат.

Aug 06, 202003:31
7. Айдай Асангулова

7. Айдай Асангулова

“Кийиз дүйнө” коомдук фонду түптөлгөндөн бери эмне иштерди жасап келатканын жана маданий мурастарды сактоо кандай мааниге ээ экени туурасында уюмдун жетекчиси Айдай Асангулова айтып берет.

Jul 23, 202019:44
6. Муса Иманалиев
Apr 02, 202024:30
5. Мээрим Осмоналиева

5. Мээрим Осмоналиева

Ата-энеси бар, бирок ата-энесине кереги жок балдар, жетим-жесирлердин билимине жардам — бул келечекке инвестиция, кыялы жана ой-максаты жок жаштар… Эмне үчүн Мээрим Осмоналиева тоголок жетим балдар жана ата-энеси бар туруп кароосуз калган балдар менен иштеп калган?

КАЙРЫЛУУ: Азыркы күндө коронавирустун айынан өзгөчө абал жарыяланган убакта балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү азык-түлүксүз жана гигиеналык каражаттарысыз калуу коркунучунда турат. Аларга жардам бериш үчүн “Оэзис Кыргызстан” уюмунун ЭЛСОМ капчыгына акча которсоңуз болот. ЭЛСОМ капчыктын номери 0770554503.

Mar 26, 202022:13
4. Төлгөбек Койчуманов

4. Төлгөбек Койчуманов

Сүрөт көргөзмөгө кимдер келет, коомго кантип таасир берүүнү каалайт, сүрөтчүнүн максаты — сезимди ойготуу… Төлгөбек Койчуманов көркөм өнөр тармагындагы жүрөк өйүткөн маселелер жана КОБ кантип жаралып калганы жөнүндө айтып берет.

Mar 19, 202022:04
3. Эрулан Көкүлов

3. Эрулан Көкүлов

Башкы көйгөй — тамак-аштын сапаты, эл жок — бизнес жок, бир бизнес жабылышы мүмкүн, бирок… “Шекер эмес” долбоорун Эрулан Көкүлов эмне үчүн жасайт?

Mar 12, 202023:22
2. Алтын Капалова

2. Алтын Капалова

Феминизмге байланыштуу калыптанган көз караштар, аймактарда өткөргөн көргөзмөлөр, “Жогорку Кеңештин гүлдөрү”… Аялдардын эл аралык күнүнө арналган чыгарылышта Алтын Капалованын окуясын сунуштайм.

Mar 04, 202020:06
1. Азамат Байматов

1. Азамат Байматов

Бекер дүкөн, бейтаптарга берилген жардам, салынган үйлөр, алдап кайрылгандар... Кайрымдуулук Азамат Байматов үчүн кандай мааниге ээ?

Feb 27, 202021:07
1-сезон. Трейлер

1-сезон. Трейлер

Жаңы “Киши” подкастына куш келиңиз! Биринчи сезон 2020-жылдын 20-февралында башталат. Бул сезондо коомду жакшы жакка өзгөрткүсү келген жана ал үчүн өз салымын кошкон кишилер менен тааныштырам.

Feb 20, 202001:28