Skip to main content
Бакубат Эл

Бакубат Эл

By undpkg

БУУнун Кыргызстандагы Өнүктүрүү программасынын подкасттары

Подкасты Программы развития ООН в Кыргызстане
Available on
Google Podcasts Logo
Pocket Casts Logo
RadioPublic Logo
Spotify Logo
Currently playing episode

"Жер эне" подкасты: 1-эпизод "Көмүртек нейтралдуулугу деген эмне?"

Бакубат ЭлNov 03, 2022

00:00
18:51
Кыргызстанда акысыз юридикалык жардам алгандардын саны өсүүдө

Кыргызстанда акысыз юридикалык жардам алгандардын саны өсүүдө

Өлкөдө мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды алган жарандардын саны көбөйүүдө. Юстиция министрлигинин Юридикалык жардам кызматынын маалыматына караганда, 2022-жылы акысыз юридикалык жардамды өлкө боюнча 60 миңден ашык жаран алган.

Ал эми 2023-жылы бул көрсөткүч 90 миңден ашык адамды түздү.

Аталган кызмат өлкөдө жарандардын укуктук сабаттуулугу артып жатканын белгилеп, кайрылгандардын саны өсүп жатканын билдирди.

Feb 26, 202405:17
Акыйкатчы (Омбудсмен) кандай иштейт?

Акыйкатчы (Омбудсмен) кандай иштейт?

Бул эпизоддо Акыйкатчы (Омбудсмен) Институту боюнча

- кандай көйгөйлөрдү чечип иштейт?

- Акыйкатчы кайсы өлкөдө, кантип пайда болгон?

- Биздин Акыйкатчыга кандай учурда жана кантип кайрылабыз?

деген суроолорго кыска жана так жооп камтылат.

Feb 19, 202404:12
Жарандык коом Факультативдик протоколдун кабыл алынышын талап кылууда

Жарандык коом Факультативдик протоколдун кабыл алынышын талап кылууда

Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясы кабыл алынганы менен, майыптыгы бар жарандардын укуктары көп учурда корголбой келет. Мындан улам, алардын укуктары толук корголуусу үчүн ондогон коомдук уюмдар өкмөткө Факультативдик протоколду ратификациялоо боюнча кайрылуу жасашты. Жети дубанда тегерек столдор өтүп, анда резолюция кабыл алынып, өкмөткө жиберишти. Сөз болуп жаткан Факультативдик протокол өлкөдө ратификацияланса, майыптыгы бар жарандар өз укугун коргоо үчүн БУУга кайрыла алат. Бул протоколдун ратификацияланышы эмне үчүн маанилүү? Ал Кыргызстанга кандай пайда алып келет?


Подкасттын бул чыгарылышанан кенен угуңуздар.


Dec 05, 202306:16
Постоянный представитель ПРООН Александра Соловьёва рассказала о деятельности организации в интервью «Биринчи Радио».

Постоянный представитель ПРООН Александра Соловьёва рассказала о деятельности организации в интервью «Биринчи Радио».

ПРООН ведёт активную работу в Кыргызстане, особенно в вопросах, связанных с климатом. Постоянный представитель ПРООН Александра Соловьёва рассказала о деятельности организации в интервью «Биринчи Радио».


Узнайте больше, прослушав полное интервью по ссылке! 🌍

Nov 08, 202316:47
"Санарип Айымдар" долбоору
Sep 28, 202340:47
"Жер эне" подкасты, 10-чыгарылышы: Кыргызстандагы климаттык илимдин азыркы абалы

"Жер эне" подкасты, 10-чыгарылышы: Кыргызстандагы климаттык илимдин азыркы абалы

Белгилүү экономист, Америкадагы Дюк университетинин окумуштуусу экономист-климатолог Рахат Сабырбеков Кыргызстандагы климаттык илимдин азыркы абалы, көйгөйлөр жана артыкчылыктары тууралуу айтып берет. Ал ошондой эле эмнеге Борбор Азиянын илимпоздору климаттык өзгөрүүнү изилдөөдө чогуу аракет кылышы керек деген суроого да жооп бермекчи. Сабырбеков быйыл Гарвард университетинде бир жылдык иш тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн жеңип алган. Ал 2023-жылдын күз айларынан тарта Борбор Азиядагы климаттык абал боюнча Гарвардда иш алып барат. 

Apr 30, 202310:11
"Жер эне" подкасты, 9-чыгарылышы: Борбор Азиядагы климаттык өзгөрүү китеби

"Жер эне" подкасты, 9-чыгарылышы: Борбор Азиядагы климаттык өзгөрүү китеби

Европа, Борбор Азиядан да окумуштуулардын катышуусу менен эки жылдан бери "Борбор Азиядагы климаттык өзгөрүү" аттуу китеп жазылды. Англисче чыккан китепте парник газдарын азайтуу, аймактагы климаттык абал, маалыматтык камсыздоо, илимий макалалардын жазылуу тенденциясы сыяктуу бир нече аспекттер каралган. Китептин авторлорунун бири, Европа коопсуздук кызматташтык уюму академиясынын илимий кызматкери, климатолог-экономист Бурулча Сулайманова китеп тууралуу жана аймактагы климат жөнүндө подкастыбызга маек курду. 

Apr 28, 202315:34
"Жер эне" подкасты, 8-чыгарылышы: Кыргызстандагы климаттык журналистиканын азыркы абалы
Apr 25, 202324:01
"Жер Эне" подкасты, 7-чыгарылышы: Климаттык саясаттагы гендердик теңчилик

"Жер Эне" подкасты, 7-чыгарылышы: Климаттык саясаттагы гендердик теңчилик

Кыргызстанда климаттык саясатта аялдардын орду кандай? Кыз-келиндерди чечим чыгаруучу кызматтарга коюу менен туруктуу өнүгүүгө жетсе болот. Өнүккөн өлкөлөрдө менчик жана мамлекеттик компаниялардын башкаруучу кеңешинин жарымын аялдар түзөт. Ушундан улам бизнесте да, башкарууда да адилеттик болорун "Жер эне" подкастынын коногу, Unison Group коомдук уюмунун негиздөөчүсү, климаттык активист Нурзат Абдырасулова айтып берет жана ал кыз-келиндердин климаттагы ролу тууралуу да кеп козгойт. 

Apr 11, 202326:43
"Жер Эне" подкасты, 6-чыгарылышы: CVF - Аярлуу климаттык форумга Кыргызстан мүчө болду

"Жер Эне" подкасты, 6-чыгарылышы: CVF - Аярлуу климаттык форумга Кыргызстан мүчө болду

2022-жылы октябрь айында Кыргызстан Climate Vulnerable Forum же Аярлуу климаттык форумга Борбор Азия, Чыгыш Европа жана Кавказ чөлкөмүнөн алгачкы мүчө болуп катталды. Бул уюм климаттык каржылоого түздөн-түз тиешеси бар чечимдерди чыгарууда салмагы чоң. Жакында эле президент Садыр Жапаров эл аралык коомчулукка Кыргызстан сырткы карызын жашыл долбоорлорго айырбаштай турганын жар салган. Мындай шартта Аярлуу климаттык форумдун арачы уюм катары мааниси чоң. Климат боюнча эксперт Дастан Абдылдаев "Жер эне" подкастынджа уюм тууралуу айтып берет.

Apr 07, 202313:33
"Жер Эне" подкасты, 5-чыгарылышы: Кыргызстан мөңгүлөрдү иликтөө менен суу запастарын башкара алат

"Жер Эне" подкасты, 5-чыгарылышы: Кыргызстан мөңгүлөрдү иликтөө менен суу запастарын башкара алат

5-чыгарылыш

Кыргызстан дүйнөдөгү мөңгү запасына бай өлкөлөрдүн сап башында турат. Бирок акыркы жылдары климатологдор мөңгүлөр майдаланып, азайып бара жатканын айтышууда. Климаттын өзгөрүүсү үчүн мөңгүлөрдүн эрүүсүнүн мааниси канчалык? Канткенде эрүү процессин жайлатып, өзгөргөн айлана-чөйрөгө адаптация боло алабыз? Ушул суроолорго “Жер эне” подкастынын кезектеги чыгарылышында Борбордук Азиядагы жерди прикладдык изилдөө институтунун №2 бөлүмүнүн жетекчиси, гляциолог окумуштуу Рыскул Усубалиев жооп берет.  

Mar 28, 202320:22
"Жер эне" подкасты. 4-чыгарылышы. "Стокгольм +50" конференциясынын Кыргызстан үчүн мааниси

"Жер эне" подкасты. 4-чыгарылышы. "Стокгольм +50" конференциясынын Кыргызстан үчүн мааниси

Бириккен Улуттар Уюму тарабынан уюштурулган "Стокгольм +50" деп аталган конференциянын Кыргызстандагы климаттык саясат, жаратылышты коргоодо мааниси кандай? Ага өлкөдөн кимдер катышты? Катышуу үчүн кандай иш чаралар аткарылып жатат? Ушул жана башка суроолорго "БИОМ" экологиялык кыймылынын төрайымы Анна Кириленко жооп берет. 

Feb 21, 202313:10
"Жер эне" подкасты. 3-чыгарылышы. Климаттык каржылоо – туруктуу өнүгүүнүн негизги булагы

"Жер эне" подкасты. 3-чыгарылышы. Климаттык каржылоо – туруктуу өнүгүүнүн негизги булагы

Кыргызстан климаттык өзгөрүүдөн жабыр тарткан кирешеси төмөн өлкөлөрдүн катарына кирет. 2030-жылга чейин белгиленген улуттук максаттарды (NDC - ОНУВ) ишке ашыруу үчүн жети миллиард долларга чейин каражат талап кылынат. Өлкөдө климаттык каржылоо кантип ишке ашат? Бул үчүн кандай программалар иштелип чыгууда? Бириккен улуттар уюмунун өнүгүү программасынын “Жер эне” климаттык подкастында ушул темада Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу, Климаттык каржылоо борборунун өкүлү Достукбек Оболдоев ушул жана башка суроолорго жооп берет.

Оболдоев климаттык каржылоо жаатында кыргыз өкмөтү бир нече багытта долбоорлорду даярдап, эл аралык донорлор менен иш алып барып жатканын айтып берди.

Jan 30, 202317:12
"Жер эне" подкасты, 2-чыгарылышы: СОР27нин Кыргызстан үчүн мааниси

"Жер эне" подкасты, 2-чыгарылышы: СОР27нин Кыргызстан үчүн мааниси

"Жер эне" подкастынын экинчи чыгарылышында 6-18-ноябрда Египеттин Шармель-Шейх шаарында өтүп жаткан Бириккен улуттар уюмунун климаттык саммити, СОР27 тууралуу сөз болот. БУУнун климаттык саммитинин мааниси, Кыргызстан үчүн бул саммитке катышуу эмнеге зарыл деген суроонун айланасында Климаттык өнүктүрүү фондунун мурдагы директору Дастан Абдылбаев маек курмакчы. 

Nov 15, 202224:29
"Жер эне" подкасты: 1-эпизод "Көмүртек нейтралдуулугу деген эмне?"

"Жер эне" подкасты: 1-эпизод "Көмүртек нейтралдуулугу деген эмне?"

Кыргызстандагы Бириккен улуттар уюмунун өнүгүү программасы (UNDP) климаттын өзгөрүүсү боюнча кыргыз тилиндеги алгачкы подкасттар топтомун сунуштайт. "Жер эне" деп аталган подкастта угармандар климаттык саясат, жашыл экономика, дүйнөлүк деңгээлдеги сүйлөшүүлөр тууралуу маектерди жөнөкөй, кыргыз тилинде уга алышат. 

Подкасттын биринчи чыгарылышында абанын сапаты боюнча эксперт Каныкей Кадырова көмүртек нейтралдуулугу, анын Кыргызстан үчүн маанисин айтып берет. 

Nov 03, 202218:51
Как работает Институт Акыйкатчы (Омбудсмена) в нашей стране?

Как работает Институт Акыйкатчы (Омбудсмена) в нашей стране?

В этом эпизоде подкаста "Бакубат Эл" вы узнаете о деятельности Акыйкатчы (Омбудсмена), его роли в становлении и укреплении демократии в нашей стране.

Беседуют юрист Султан Айдаров и заместитель Акыйкатчы КР Колупов Альберт

Mar 23, 202246:17
О нарушениях в сфере трудового права

О нарушениях в сфере трудового права

В этом эпизоде юрист Жибек Кенжебекова обсуждает с представительницей Института Акыйкатчы (Омбудсмен) о нарушениях в сфере трудового права, с которыми чаще всего обращаются граждане КР

Mar 23, 202240:60
Жаңы мыйзам карапайым калктын кызматында

Жаңы мыйзам карапайым калктын кызматында

Ар бир жарандын акыйкаттык жана адилеттүүлүккө укугу бар. 

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамдын негизинде жылыга 10 миңдеген жарандарга акысыз юридикалык жардам көргөзүлөт.  

Мыйзамдын жаңы редакциясында кандай өзгөрүүлөр болгонун ушул подкасттан билиңиздер. 

Jan 21, 202205:24
Уулумдан алимент өндүрүү үчүн сотко кайрылгам

Уулумдан алимент өндүрүү үчүн сотко кайрылгам

Бул подкаст Кыргызстандагы мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө кенен түшүнүк берет.

Үй-бүлөдө ар кандай кырдаалдар жаралышы мүмкүн, бирок кыйынчылыктан чыгуу жолдору ар дайым бар. 


Jan 05, 202205:09
Бенефициары ПРООН - Эсенкул

Бенефициары ПРООН - Эсенкул

Бенефициары ПРООН/БУУӨП бенефициарлары - Эсенкул

Dec 09, 202103:27
Бенефициары ПРООН - Карим

Бенефициары ПРООН - Карим

Бенефициары ПРООН/БУУӨП бенефициарлары - Карим

Dec 09, 202103:37
Бенефициары ПРООН- Жылдыз

Бенефициары ПРООН- Жылдыз

Бенефициары ПРООН/БУУӨП бенефициарлары - Жылдыз

Dec 09, 202102:44
Бенефициары ПРООН - Гульсара

Бенефициары ПРООН - Гульсара

Бенефициары ПРООН/БУУӨП бенефициарлары - Гульсара

Dec 09, 202104:21
Бенефициары ПРООН - Атыргуль

Бенефициары ПРООН - Атыргуль

Бенефициары ПРООН/БУУӨП бенефициарлары - Атыргуль

Dec 09, 202103:36
Бенефициары ПРООН - Асель

Бенефициары ПРООН - Асель

Бенефициары ПРООН/БУУӨП бенефициарлары

Dec 09, 202104:00
Бенефициары ПРООН - Арзыгуль

Бенефициары ПРООН - Арзыгуль

Бенефициары ПРООН/БУУӨП бенефициарлары

Dec 09, 202104:28
Бенефициары ПРООН - Алтынгуль

Бенефициары ПРООН - Алтынгуль

Бенефициары ПРООН/БУУӨП бенефициарлары - Алтынгуль

Dec 09, 202105:36
Бенефициары ПРООН - Александара

Бенефициары ПРООН - Александара

Бенефициары ПРООН/БУУӨП бенефициарлары - Александра

Dec 09, 202103:11
Бенефициары ПРООН - Айша

Бенефициары ПРООН - Айша

Бенефициары ПРООН/БУУӨП бенефициарларыБенефициары ПРООН/БУУӨП бенефициарлары - Айша

Dec 09, 202104:49
Бенефициары ПРООН - Айдана

Бенефициары ПРООН - Айдана

Бенефициары ПРООН/БУУӨП бенефициарлары

Dec 09, 202104:29
Бенефициары ПРООН - Айбар

Бенефициары ПРООН - Айбар

Бенефициары ПРООН/БУУӨП бенефициарлары - Айбар

Dec 09, 202105:29
Гульзада Юсупбекова: лидерликке жол мектептен башталган.

Гульзада Юсупбекова: лидерликке жол мектептен башталган.

Гульзада Юсупбекованын лидерликке жолу тууралуу маеги. 


ЕБ менен БУУнун «Теңдик нуру» глобалдык демилгеси.

Nov 24, 202103:23
“ЛИДЕР АЯЛДАР КӨП ТОСКООЛДУККА КАБЫЛЫШАТ”

“ЛИДЕР АЯЛДАР КӨП ТОСКООЛДУККА КАБЫЛЫШАТ”

“Уюштуруучулук, жамаатыңа адилеттүү мамиле жасоо жана иштин сапатына көңүл буруу – мына ушул үч сапат адамды лидерликке жетелейт. Мына ушул үч сапат менин коомдогу ордумду белгилеп берди”. Бул Тологүл Арпачиеванын өзүнө берген кыскача мүнөздөмөсү. Ал Нарын медициналык коллежинин директору, медик, педагог, менеджер жана коомдук ишмер.

Бирок ал кыргыз коомунда аялдардын лидер болушу оңой эместигин белгилейт:

“Кыздарды тарбиялоодо “сен кызсың, пикириңди ачык айтпашың керек, эркектерден озунуп сүйлөбөшүң керек, озунуп иш кылбашың керек” деген тарбиянын терс таасири бар. Мына ушул түшүнүк аялдардын бийликке келишине, өкмөттүк жоопкерчиликтүү жумуштарда иштешине тоскоолдук жаратууда. Шайлоо учурунда коомчулук “а бул аял киши” деген түшүнүк менен жана кыз-келиндерге карата кенебес мамиле менен эркектерди көбүрөөк колдоп кетип атпайбы. Активдүү кыз-келиндерди колдоонун деңгээли өтө пассивдүү ролдо турат”.

Тологүл Арпачиева стереотиптик көз караштарга маани бербейт. Дайыма алга умтулат.

2020-жылы коронавирус пандемиясы күчөгөн учурда коллеждин директору катары гуманитардык жардамдарды бөлүштүруп, кайсы районго эмне керек болсо жиберип турган. Бул иши эл арасында кыйла алкышка татыды.

Каарманыбыз кичинекейинен активист болгонун белгиледи. 10 жылдан бери педагогикалык жана студенттик коллективди жетектеп келет.

Биз ага “Лидер болуу оңойбу?” деген өңүттө суроо узатып, төмөнкүчө жооп алдык:

“Жетекчи болуу үчүн, колуңдан иш келерин далилдеш үчүн абдан көп тоскоолдуктардан өтөсүн. Жамааттын, чөйрөнүн ишенимине кирүү – өтө кыйын. Мекемени жетектөөгө татыктуу экениңди өкмөттүн бир бутагына ишендириш өтө татаал маселе. Ишендириш дегени өзүңдүн сапаттарыңды көрсөтүү дегени эмес, коррупциялык схемага каршы туруу дегенди түшүндүрөт”.

Дайыма оптимисттик көз караш менен ишинде ийгиликтерди жаратып келаткан Тологүл Арпачиева жаштарды тынбай окуп-үйрөнүүгө, коомдун пайдасын көздөп иш кылууга чакырат. Бул үчүн билимин, тажрыйбасын бөлүшүүгө дайыма даяр.


ЕБ менен БУУнун «Теңдик нуру» глобалдык демилгеси.

Nov 19, 202103:59
“ТӨРАЙЫМ БОЛУШУМА АЙРЫМ ЭРКЕКТЕР КАРШЫ ЧЫГЫШКАН”

“ТӨРАЙЫМ БОЛУШУМА АЙРЫМ ЭРКЕКТЕР КАРШЫ ЧЫГЫШКАН”

“2008-жылдан 2019-жылга чейин райондук кеңешке бир жолу, айылдык кеңешке эки жолу депутат болуп шайландым. Райондук кеңеште төраганын орунбасары, Ак-Жар айылдык кеңешинде төрайым болдум”.

Ат-Башы районунун тургуну Сымбат Аттокурованы жергиликтүүлөр активдүү коомдук ишмер жана лидер катары таанышат. Ак-Жарда эл өкүлү болуп турганда айылдын кыйла көйгөйүн чечкенге салым кошконун айтып берди:

“Жаңы ФАПтын салынышы, мектептин эшик-терезесин, чатырын жаңылоо, Жибек-Жолундагы таштандыны тазалоо жаатында иштерди аткардым. Кыйынчылыктар болбой койгон жок. Коомдогу ар кыл стереотиптер аялзатынын ишине көп учурда тоскоолдук жаратары чын. Бул менин башымдан да өттү. Айылдык кеңешке төрайым болууга талапкерлигимди койгондо айрым эркек коллегалар “кантип аял кишини төрайым кылабыз?” дешкен. Ошентсе, түшүнгөн депутаттар колдоп, төрайымдыкка шайланганмын. Көп иштерди эки чакырылыштагы депутаттар менен бирге бүткөрүүгө жетиштик”.

Биздин баарлашуубуз лидерлик темасына келгенде Сымбат айым бул жааттагы түшүнүгүн мындайча сүйлөдү:

“Лидер бул – элдин алдындагы адам. Ал команданы эрчитет. Жакшы депутат – элдин үнү дешетго. Лидер дагы элдин үнү. Ал калыс болууга, уккан көйгөйүн калыс чечүүгө аракет кылышы керек. Ошондо ишенимге татыйт”.

Сымбат Аттокурова азыр Ат-Башыда райондук аялдар кеңешинин төрайымы. Мурда мектепте да иштеп, директордун орунбасары да болгон. Балдардын билимдүү жана дуйнө таанымы кең болушун каалайт.

“2008-жылы райондук кеңештин депутаты болуп турганда Жогорку Кеңештин депутаттары менен байланышып, окуучуларды жана мугалимдерди парламентке алып барып, жолугуштурдум. Ат-Башыда китепкананын жетекчиси да болдум. Ал учурда китепкананын имараты жок, администрациянын артындагы залда жайгашкан эле. Мен баргандан кийин китепкананын жер маселесин чечип, кызыл китебин алууга да жетиштим. Ал эми Нарын райондук админстрациясында иштеген кезимде “Бугу” фестивалына демөөрчү болуп, республикалык деңгээлде өткөрдүк. Жаш акындарды элге таанытып, “Айтыш” уюштурдук. Ал иш-чаранын тасмасы телевидениенин архивинде сакталып турат”.

Сымбат Аттокурова кыз-келиндер арасынан депутаттардын, жетекчилердин жана активисттердин көп чыгышын каалайт. Эркек менен аялдын укуктары бирдей болгон коомдо өнүгүү болоруна ишенет. Кыргызстанда аялдардын жигердүү болушуна шарттар бар экенин, ийгиликке жетүүгө ар бир инсан аракет көрүшү керектигин белгилейт.


ЕБ менен БУУнун «Теңдик нуру» глобалдык демилгеси.

Nov 12, 202103:58
“АЯЛДАРГА УКУКТУ ҮЙРӨТӨБҮЗ. БУЛ – БИЗДИН ИЙГИЛИГИБИЗ”

“АЯЛДАРГА УКУКТУ ҮЙРӨТӨБҮЗ. БУЛ – БИЗДИН ИЙГИЛИГИБИЗ”

“24 жылдан бери аялдардын укуктук маселеси жаатында жасабаган ишибиз калбады десем болот. Жергиликтүү деңгээлдеги активист аялдарды таптап чыгардык”.

Света Саякбаева Нарындагы “Тендеш” өкмөттүк эмес уюму түзүлгөндөн берки 24 жылдык иши жөнүндө айтып берүүдө. Бул уюм кыз-келиндердин укуктук маселелери менен иштеп, зомбулукка кабылган аялдардын таламын талашып, аларга кеңеш берип, колдоо көрсөтүп келе жатат. Ал эмес, аялдарга жумуш таап берүү өңдүү долбоолорду да ишке ашырышат:

“Алгач иш баштаган жылдарыбыз аялдардын көпчүлүгү өз укуктарын билчү эмес. Коом биздин ишибизди түшүнбөй, туура эмес кабыл алган. Аялдарга карата өкүмзор мамилени кадыресе көрүнүш катары карап, зомбулукка кабылгандар жөнүндө ачык айтып чыккандарды сындашкан. Бирок биз токтогон жокпуз. Көп аялдарга укуктары жөнүндө маалымат бердик. Азыр алар зомбулукка каршы тура алышат. Бул – биздин ийгилигибиз”.

Света Саякбаева а дегенде зомбулукка каршы долбоорлор менен иштесе, 2003-жылдан баштап активист кыз-келиндерди коомго алып чыгууга көңүл бура баштады жана ушул жааттагы долбоорлорду ишке ашырды. Кыз-келиндер арасында ишкерликти өнүктүрүп, айрымдарына өз ишканасын ачканга да жардам берди. Бул үчүн эл аралык уюмдардан донорлук колдоо алып жумуштарды аткарды.

“Профилактикалык иштерди токтотпойбуз. Нарын облусунун беш районун кыдырып эле иштеп жүрөбүз. 1997-жылдан бери 20 миңден ашуун аял менен иштедик. Соттук процесстерге чейин катышабыз. Зомбулук көргөндөр, токмоктолгон аялдар, ажырашкан келиндер, үй-бүлөлүк мүлктү бөлүшө албагандар кайрылышат. Укукка байланыштуу кандай гана маселе менен кайрылышса, жардам беребиз”, - деген каарманыбыз өзүн аймактагы лидер айымдардын бири деп санайт. Аны минтип негиздеп берди:

“Анткени, көп активист аялдарды таптап чыгардым, көбүнө кеңеш бердим. Менин уюмумда онго жакын адам иштейбиз. Ушул тапта үч долбоорубуз бар. Айыл аралап, элге кеп-кеңеш берип жатабыз. Бир эле мисал айтайын, Кочкордо жубайын өлтүрүп койгон жигиттин ишин сотко чейин жеткирип, 11 жылга чейин камалды. Пробоно деген түшүнүк бар, Мамлекеттик кепилдик программасынын адвокаттары менен чогу иштейбиз. Ат-Башыда да аялын атканга чейин барган адамдын окуясын сотко жеткиргенге жетишдик”.


ЕБ менен БУУнун «Теңдик нуру» глобалдык демилгеси.

Nov 05, 202103:43
“АР БИР АЯЛ КЫРГЫЗСТАНДЫН ӨНҮГҮШҮНӨ САЛЫМ КОШО АЛАТ”

“АР БИР АЯЛ КЫРГЫЗСТАНДЫН ӨНҮГҮШҮНӨ САЛЫМ КОШО АЛАТ”

“Саясий лидер болом деген дымактуу жаштар бар, бирок аларда тийиштүү билим, таржрыйба жок. Ошондуктан, улан-кыздардын саясий сабаттуулугун ашыруу максатындагы долбоорлорду ишке ашырып жатабыз”.

Саламат Исмакеева - Нарын жаштар парламенти долбоорунун координатору. Ал жаштардын, аялдардын укуктарына арналган, инсандык өсүп-өнүгүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууга катышып келет. Каарманыбыз мамлекеттин өнүгүшүнө, жаштарга, аялдарга билим берүү тармагында салым кошкон жарандардын катарын толуктайт.

“Түрдүү тренингдерди уюштуруп, саясатчылар менен жолугушууларды өткөрөбүз. Бул жаатта үч айлык долбоорду иштетип жатабыз. Максатыбыз – саясий лидерлерди тарбиялап чыгаруу”, - деген Саламат өзүн аймактагы лидерлердин бири деп эсептейт, аны минтип негиздеп берди:

“Өзүмдү жаштарга керекмин деп эсептеймин. Себеби, улан-кыздар менен баарлашуу маалында алардын каалоосун, эмнеге суусап турганын билдим. Деги, биздин коомго келечекте даяр саясий лидерлер керек. Ошондой кишилер депутаттыкка келиши кажет. Андай адамдарды тарбиялап, өстүрүп чыгаруу зарыл”.

Каарманыбыз менен сүйлөшүп отуруп, коомдогу кыз-келиндердин ролу, аялдардын лидерлиги жаатындагы пикирин укканга кызыктык:

“Ар бир аял Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошо алат. Ал үчүн кыздарга билим бериш керек. Алардын кызыгууларын колдоо, багыт берүү зарыл”.

Мындан тышкары, Саламат Исмакеева JIA Бизнес Ассоциясынын “Бизнес Старт” долбоорунда тренер. Ал жактагы ишмердиги тууралуу өзүнөн угалы:

“JIA Бизнес Ассоциясынын бир долбооруна катышып, былтыр Кочкордо эжелерди ишкерликке үйрөткөн тренингде окуттук. Бир жамаатта 15 эже бар эле. Жыйынтыгында сүт иштетүү боюнча 2000 евро грант утуп алышты. Быйыл да ошондой тренинг өткөрүп, бир эже менен бир жигит финалга чыкты. Эже робототехника боюнча, жигит тоок өстүрүү жаатында каражат алмай болушту”.

Саламат Исмакеева бизнес-тренерлик жаатында алгачкы кадамдарын коюп жатканын, алдыңкы жылдарда сертификатка ээ болорун кошумчалады.


ЕБ менен БУУнун «Теңдик нуру» глобалдык демилгеси.

Oct 29, 202103:09
АЯЛДАРДЫН УКУКТУК САБАТЫН ЖОГОРУЛАТУУНУ КӨЗДӨЙМ

АЯЛДАРДЫН УКУКТУК САБАТЫН ЖОГОРУЛАТУУНУ КӨЗДӨЙМ

“Аялдардын коомдогу ордун күчтөнтүп, аларды чечим кабыл алуучу органдарда эмгектенүүгө багыт берүү пландарым бар”.

Мындай чечкиндүү максатты көздөгөн мекендешибиз - Мунира Калиева. Ал Нарындагы “Жаңы ысым” коомдук бирикмесинин жетекчиси жана жарандык активист. Коомдук иштердеги лидерлик аракети 1999-жылдан башталган.

“1999-жылы Нарында аялдардын кандай көйгөйлөрү бар экенин изилдеп көргөнбүз. Ошондо көп кыз-келиндер көп кабатуу үйдүн короосунда балдар аянтчасы жок экенин айтышкан. Ал тургай үйдөгү төшөнчөлөрдү, шырдактарды күнгө жайганга шарт жоктугун белгилешкен. Ошондо эл аралык уюмга 1000 долларлык долбоор жазып, утуп алган элем. Ал грантка “Городок” кичирайонуна балдар аянтчасын жана буюм кургатуучу жабдуу жасатканбыз”.

Ал кезде Мунира Калиева Нарын облустук администрациясында иштечү. Эл аралык уюмдардын колдоосунда социалдык долбоорлорду ишке ашырса болорун түшүнгөндөн соң обладминстрациядан жумуштан кеткен.

Учурда БУУнун Өнүктүрүү программасынын Нарындагы "Комплекстүү өнүктүрүү" долбоору менен, Ага Хан Фондунун демилгеси менен уюшулган "Тоолуу аймактагы жамааттардын өнүгүүсүн колдоо" программасында төрт долбоорду ишке ашырып жатат.

“Көбүнчө социалдык-инфраструктуралык долбоорлорду аткарганга басым жасайм”, - деген каарманыбыз айылдардагы билим уяларын оңдоп-түзөө иштерине салымын кошуп келүүдө. Баса, ал эл аралык Кызыл ай коомунун Нарындагы бөлүмүндө да эмгектенген.

Мунира өзүн лидер деп санайт, команда топтой аларын, чечкиндүү жана жоопкерчиликтүү экенин айтат. Эч качан кыйынчылыктан коркпойт, дайыма окуйт, изденет.

Акыркы кездери аны кыз-келиндерге карата зомбулук да тынчсыздандырууда:

“Айыл жеринде зомбулукка кабылып, өмүр бою жашагандар бар. Мисалы, бир келинди 25 жылдан кийин кайынжурту үйдөн чыгарып салган. Ошончо өмүрү өткөн үйдөгү эч бир мүлккө ээлик кыла алган эмес. Мына ушундай укуктар тебеленген окуялар мени тынчыздандырат. Келечек пландарым көп, аялдарга кеп-кеңеш берип, алардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууну көздөйм”.


ЕБ менен БУУнун «Теңдик нуру» глобалдык демилгеси.

Oct 22, 202104:29
ПАНДЕМИЯДА ЖИГЕРДҮҮЛҮК КӨРСӨТКӨН АЙЫМ

ПАНДЕМИЯДА ЖИГЕРДҮҮЛҮК КӨРСӨТКӨН АЙЫМ

“Мен жарандык активистмин, себеби эл арасында кайрымдуулук кылып жүргөндөрдү коомчулукка таанытуу, адамдардын маселелелерин бийликке жеткирүү жана көйгөйлөрдү чечүү менен алектенем”.

Бактыгүл Жумабаева – кесиби боюнча соода тармагындагы адис. 1975-жылдан тартып совет доорундагы термин менен айтканда Нарындагы Горторгдо сатуучулуктан баштап, дүкөн мүдүрүнө чейин көтөрүлгөн. Азыр аймактагы лидер аялдардын бири.

2010-жылы Нарын облустук аялдар Кеӊешин түзгөн. Бүгүнкү күндө Кеӊешке 300дөн ашык кыз-келин мүчө. Бактыгүл айымдын бул жааттагы ишти баштаганынын олуттуу себеби бар. Аны бизге кыскача минтип айтып берди:

“2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин “мен революцияга катышканмын” деп төш каккандар көбөйдү. Алар кадр маселесине чейин кийлигишип, тааныштарын, жакындарын, балдарын кызматка койдура баштаган. Бийлик да сыйлыктарды ошолорго берип, барктап калды. Коом үчүн чындап күйүп-бышкандар сыртта кала баштады”.

Мындан улам жарандык жигердүүлүктү жанданткан Бактыгүл айым коомдун пайдасын көздөп иштегендерди элге таанытып, аларды бийликтин көзүнө көрсөтүүгө жан үрөй баштаган. Натыйжада, дал ошол көмүскөдө калган жарандардын көпчүлүгү жергиликтүү органдардын жана Жогорку Кеңештин ардак грамоталарын алышты.

Андан тышкары, аялдардын коомчулугун чогултуп, БУУнун өнүктүрүү программасынын колдоосунда Нарын шаарындагы каналды тазалашты. «Акун» компаниясынын атынан 250 мугалимге белек алып барып берди. Жардамга муктаж адамдарга кредитин төлөөгө, үйүнүн чатырын жабууга жардам көрсөткөн долбоорлорду ишке ашырды.

Каарманыбыз “аткарган иштеримди санап, мактангым келбейт”, - дейт. Бирок 2020-жылы коронавирус пандемиясы күчөгөн маалдагы аракеттерин айтып өтпөсөк болбойт.

Пандемия убагында 150 кишиге «Акун» компаниясынан ун, май алып берген. Медицина тармагында жана постто иштеген адамдарга тамак-ашуюштурган. Аялдар Кеӊеши акча чогултуп, оорукананын Жугуштуу оорулар бөлүмүнө 11 медициналык атайын кийим жана беткаптарды сатып берген.  Шарты оор кишилерге гуманитардык жардам тараткан. Аны кантип уюштурганын өз оозунан угалы:

“Оору капилет келгендиктен, медицина кызматкерлеринин тийиштүү коргонуу каражаттары жок болчу. Жергиликтүү ишкерлерди уюштуруп, шаардык кеңештин төрагасына кирип, “мамлекеттин көзүн карап отура бербей, өзүбүз каражат чогулталы” деп, ошол саамалыкты ишке ашырдык”.

Бактыгүл Жумабаева аялдар Кеңешиндеги мүчөлөр менен каражат чогултуп, аны муктаж кыз-келиндерге насыя катары берип көмөк көрсөтүп келатканын кошумчалады. Каарманыбыз демилгесин колдогон эл-журтка, тааныштарына ыраазычылык билдирди.


ЕБ менен БУУнун «Теңдик нуру» глобалдык демилгеси.

Oct 15, 202104:49
Акысыз юридикалык жардамды кайдан алса болот?

Акысыз юридикалык жардамды кайдан алса болот?

Бул подкаст Кыргызстандагы мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө кенен түшүнүк берет. 

Oct 13, 202106:31
“ЛИДЕР БОЛУУДА ҮЙ-БҮЛӨНҮН РОЛУ ЧОҢ”

“ЛИДЕР БОЛУУДА ҮЙ-БҮЛӨНҮН РОЛУ ЧОҢ”

Жаңылбүбү Карыбекова Нарындагы белгилүү кол өнөрчүлөрдү бири. Аны ишкер катары да жакшы таанышат.

Ал кичинесинен эле коомдун активдүү мүчөсү болгон. Каарманыбыз адамдын лидерлик сапатынын калыптанышына ата-эне жана жакындары негизги себепчи экенин белгиледи:

“Менин баламдын колунан келет, менин кызым мыкты, уулумдун өзгөчө таланты бар, азамат, - деп балага дем-күч берип туруу өтө зарыл. Биринчи классымдан эле эң мыкты окуучулардын катарын толуктадым. Мектепти бүткөнгө чейин, студент кезимде да активист болдум”, - деген каарманыбыз мектепте 30 жыл Кол эмгектен сабак берген. "Урмат уз" кооперативин түзгөнүнө 26 жыл болду. Бир жолу шаардык, райондук кеңешке депутаттыкка шайланган жана айылдык кеңешке беш жолу депутат болгон.

Достук айылындааялдар кеңешчиси болгонуна 40 жылдан ашты. Кыргыздар кооперативтик союзуна, Кыргызстан аялдар конгрессине жана Кыргызстан кол өнөрчүлөр кеңешине мүчө. 2014-жылдан бери Кыргызстан кол өнөрчүлөр кеңешинин президенти.

“Коомдун активдүү мүчөсү болуу үчүн үй-бүлөнүн колдоосу өтө маанилүү. Аялга күйөөсү тирек болуп, иштегенге жардам берсе, тоскоолдук кылбаса, аялдар ошондо лидер болот. Айыл жеринде жөндөмдүү кыз-келиндердин колдоочулары жок. Үй-бүлөсү колдобойт. Жөндөмүнө жараша иштебей, акча табуу максатында гана эмгектенип калышат же тек гана үй кожойкеси болушат. Ошентип биздин коомдо дарамети бар көптөгөн лидерлер көмүскөдө кала берет”.

Ушинтип күйүп-бышкан Жаңылбүбү апа бир канча аялды ишкерликке тартып, “Айыл банк” аркылуу насыя алып берген. Насыяны төлөөгө өзү кепил болгон. Анын негизги максаты – аялдардын ишкердигин өнүктүрүү.

“Лидер аялдар кең бололу. Аялдарды катарыбызга кошолу!”- деген Жаңылбүбү айым кыргыз кол өнөрчүлүгүнө чоң салым кошкондордун бири. Кыргыздын шырдагын дүйнөгө даңазалайт, башка элдерге улуттук маданиятты таанытууга аракет кылып келүүдө.


ЕБ менен БУУнун «Теңдик нуру» глобалдык демилгеси.

Oct 08, 202104:17
“ЛИДЕР КЫЗ-КЕЛИНДЕР КӨП БОЛУУГА ТИЙИШ”

“ЛИДЕР КЫЗ-КЕЛИНДЕР КӨП БОЛУУГА ТИЙИШ”

“Депутат болгонго чейин коомдук иштерге активдүү катышканмын. Бирок айрым демилгелерди ишке ашыруу, маселелерди чечүү аракетибиз жергиликтүү бийликтен чечилбей калчу. Депутат болуп келсем, ошол маселелерди чечкенге салым кошом деп ойлодум. Азыр эл өкүлүмүн. Жергиликтүү кеңештин депутаттары айлык албайт. Бирок мен үчүн эл менен тыгыз иштешүү, алардын көйгөйлөрүн чечүүгө салып кошуу – маанилүү. Менин электоратым – мугалимдер. Ошондуктан, алардын маселелерине көбүрөөк көңүл бурамын”.

Чолпон Өмүрбай кызы, Нарын шаардык кеӊешинин депутаты.

Чолпон аялдардын жана жаштардын саясий сабаттуулугун өстүрүү жаатында тренерлик да кылат. Алгачкы кесиби башталгыч класстын мугалими. Кийин юриспруденцияны окуп, Нарын мамлекеттик университетинде Жарандык укук сабагынан студенттерге билим берген.

2003-жылы “НАР-ЮСТ” коомдук бирикмесин негиздеп, ондон ашуун долбоорлорду грант менен ишке ашырган.

Мектепте башталгыч класстын мугалими, директордун орунбасары, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, Билим берүү жана илим министрлигинин эксперти болуп да эмгектенген. Учурда Нарын шаарында профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинде окутуучулук да кылат.

Ошону менен катар коомдук башталышта аялдар үчүн онлайн курстарды уюштуруп келет. Замандын талабына ылайык WhatsApp, Instagram, Telegram түйүндөрүндө Кыргызстан боюнча 5000ге жакын аял катталуучуларга “Аялдык бакыт”, “Жаркын жашоо” каналдарын жүргүзөт. Ал жакта кыз-келиндерге инсандык өсүү жаатында кеп-кеңеш айтып турат.

Биз Чолпон Өмүрбай кызына бүгүнкү коомдогу аялдардын көйгөйү кайсылар? – деген суроо узаттык:

“Менин жеке пикиримде аялдарга жеткиликтүү көңүл бурулбайт. Аялды биздин коомдо жөнөкөй жумушчу катары көргөндөр бар. Бир үйдүн кожойкеси деп эле билишет. Чечим кабыл алуучу иштерди эркектер өз көз карашы менен чечип коюшат. Аялдарга байланыштуу социалдык маселелер жеткиликтүү чечилбегендиктен, зомбулук көбөйүп жатат. Мунун баары чечим кабыл алуучу органдарда аялдардын үнү жетишпей жатканына байланыштуу”.

Чолпон айым жакыңкы келечекте Кыргызстандагы жергиликтүү жана жогорку органдарда гендердик теңдик маселеси толук чечилишине ишенет. Ал үчүн өзү сыяктуу лидер кыз-келиндер көп болушу керектигин белгилейт.


ЕБ менен БУУнун «Теңдик нуру» глобалдык демилгеси.

Oct 01, 202103:47
“КЫРГЫЗ КООМУНДА АЯЛДЫН ОРДУ МААНИЛҮҮ”

“КЫРГЫЗ КООМУНДА АЯЛДЫН ОРДУ МААНИЛҮҮ”

“Базарда отурган ким? Аялдар! Миграцияда ким жүрөт? Аялдар! Мектептерде, ооруканаларда иштегендер кимдер? Көпчүлүгү аялдар! Демек, азыр Кыргызстанда мамлекеттин негизги жүгүн кыз-келиндер көтөрүп жатат десек болот”.

Аялдардын жагдайына тынчсызданган бул айым – Бурул Алашова. “Нарын өнүктүрүү жана окутуу борборунун” жетекчиси. Кыз-келиндер тууралуу минтип күйүп-бышканынын да жөнү бар:

“Чечим чыгарууга келгенде же карьералык өнүгүү жагына келгенде эркектер басымдуулук кылат. Депутаттардын, министрлердин басымдуу бөлүгү – эркектер”, - дейт Бурул айым.

Бирок каарманыбыз муну менен эркектердин жашоодогу ролун төмөн көрсөткүсү келбейт. Мырзалардын коомдогу орду дайыма маанилүү экенин белгилейт. Бирок аялдарды аткаруу жана башкаруу бийлигине көбүрөөк тартуунун оң натыйжасы көп болорун айтат:

“Социалдык маселелердин көбү аялдарга байланыштуу болот. Карап отурсак, депутаттардын арасында социалдык көйгөйлөрдү көтөргөндөр аялдар болуп жатпайбы. Эгер гендердик баланс болсо, көйгөйлөрдү чечүү оңойураак болмок”.

Бурул Алашова союз ыдырыгандан кийинки экономикалык кризисти эске салып, ошондо базарга негизинен аялдар чыкканын, өлкөнүн эңшерилген абалдан чыгарууга чоң салым кошушканын мисал тартты:

“Ошол учурларды эстей турган болсок, аялдар базарга чыгып, жумушсуз эркектер көбөйгөн. Мырзалардын баары ишсиз отуруп калган дебейм, бирок базарда иштегендердин көбү кыз-келиндер болгон. Андыктан, кыргыз коомунда аялдын лидерлигинин орду өтө жогору. Бардык нерсе үй-бүлөдөн башталат эмеспи. Баланын тарбиясы, үй-бүлөнүн сарамжалдыгы да аялга байланыштуу экени айтылып эле келет. Демек, аялдын коомдогу орду өтө маанилүү”.

Эми каарманыбыз жөнүндө азын-оолак маалымат берели: Бурул Алашова башкарып жаткан “Нарын өнүктүрүү жана окутуу борбору” 2003-жылы ачылган.

Бул окутуу борбору чоң кишилердин потенциалын жогорулатуу жана билим берүү, жумуш табуу, кирешелерин жакшыртуу багытында иш алып барат.

“Хельветас”, БУУнун өнүктүрүү программасы, Ага Хан фонду,  БУУнун азык түлүк программасы өңдүү эл аралык уюмдар менен, Германиядагы элдик университеттер менен кызматташат. Мамлекеттик органдардын социалдык бөлүмдөрү менен иштешишет.

А дегенде компьютердик сабаттуулук, чыр-чатактарды чечүү жолдору сыяктуу жарандык курстарды өтүп жүргөн борбор 2009-жылдан тарта стратегиялык багытын жакшыртып, кеңири масштабдагы окутуу-уйрөтүү багытына түшкөн.

Нарын шаарын, Нарын, Ат-Башы, Кочкор райондорун камтыганда соңку үч-төрт жылда эле 500дөй адам “Нарын өнүктүрүү жана окутуу борборунда” билимин кеңейтти.

Бурул Алашова өзүн лидер айым деп санайт жана башкаларды да лидерликке умтулууга чакырат.

ЕБ менен БУУнун «Теңдик нуру» глобалдык демилгеси.

Sep 24, 202104:07
“КАРАЛАР” МЕНЕН КҮРӨШКӨН АЙЫМ

“КАРАЛАР” МЕНЕН КҮРӨШКӨН АЙЫМ

Алдыда сиздерге тааныштыралы деген каарманыбыз криминалдык топтун мүчөлөрүнүн көмүр кениндеги өкүмзордук иштерин тыйганга чоң салым кошконун айтып жүрөт.

Анаркүл Окошова - “Тынчтык" коомдук бирикмесинин жетекчиси, жарандык активист.

Биз Анаркүл айым “караларга” каршы кантип күрөш жүргүзгөнүн эмес, анын лидерлик сапаттары тууралуу баяндап беребиз.

Ал “Тынчтык” коомдук бирикмесин 1997-жылы түзгөн. Андан бери чыр-чатактарды жана социалдык көйгөйлөрдү чечүү менен алектенет.

“Мен өзүмдү лидер деп эсептеймин. Анткени, жөн жата албайм. Дайыма окуйм, маалыматтарды алам. Болуп жаткан көйгөйлөрдү жүрөгүм менен кабыл аламын жана аны чечүүгө болгон күчүмдү жумшаймын”.

Анаркүл Окошова шайлоолорду таза өткөрүү жаатында да жыйындарда тренерлик кылат. Тагыраагы, байкоочуларга эрежелерди үйрөтүп, окутат.

Каарманыбыз кыргыз коомчулугунда илгертеден лидер айымдар болгонун белгилеп, Курманжан датканы, Уркуя Салиеваны мисал тартты. Сөз арасында 2005, 2010-жылдардагы толкундоолорго да аялдар катышып, коомдук-саясий абалдын өзгөрүшүнө да күч болуп беришкенин кыстара кетти.

Жергиликтүү кеңештерге квота аркылуу шайланып келген аялдардын саны көбөйө баштаганын кубаттайт, бирок башкаруу бийлигинде кыз-келиндер азырынча жетишсиз деп эсептейт:

“Жергиликтүү кеңештерде аялдарды көбүрөөк көргүм келет. Айылда кыз-келиндерди ролу өтө чоң. Айрыкча, социалдык көйгөйлөрдү алар билгендей башкалар билишпейт. Социалдык маанидеги маселелерди жайгаруу үчүн парламентте да, өкмөттө да аялдар көбүрөөк болушу керек”.

ЕБ менен БУУнун «Теңдик нуру» глобалдык демилгеси.

Sep 17, 202102:21
ЖИГЕРДҮҮЛҮКТӨН КҮЧ АЛГАН АЙТУРГАН

ЖИГЕРДҮҮЛҮКТӨН КҮЧ АЛГАН АЙТУРГАН

Айтурган Абирова - Нарындагы “Wunderkind” окуу борборунун жетекчиси, активист. 2020-жылдын жазында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркагандарга жигердүү жардам көрсөткөн жарандардын бири.

Анын командасы "Баткен, биз сени мененбиз" элдик штабын түзүп, үч күндүн ичинде 500 миң сом акчалай каражат чогултушкан. Баткенге барып жабыркаган үй-бүлөлөргө 50 000 сомдон беришкен.

Айтурган Абирова 2018-жылы Нарын жаштар ынтымагы коомдук бирикмесин жетектей баштаган.

Covid-19 пандемиясы күчөгөн 2020-жылы Нарын облусуна жардам берүү максатында “Биз биргебиз” элдик штабын түптөп, алты ай ыктыярчы болуп иштеди. Элге эң керектүү дары-дармек, медицина кызматкерлерине ысык тамак, концентратор ж.б. каражаттарды жеткирүүгө, камсыздоого көмөктөштү.

“Мурда тренинг, семинарларга катышып, уюштуруп жүргөндө биздин сабактарыбыз жаштардын аябай кызыгуусун жаратчу. Нарын облусундагы айылдарды кыдырып, лидерлик боюнча ар кандай окутууларды уюштурабыз. Бул ишти такай улантуу үчүн “Wunderkind” окуу борборун ачтым”.

Айтурган азыр Нарын жаштар парламенти долбоорунун дакатышуучусу. Өзү сыяктуу дымактуу жаштарды чогултуп команда түзүп алган.

Ал өзүнүн ийгиликтерине тегерегиндеги кишилердин салымы көп экенин белгилейт. Ой-пикирин эркин айтканга, өз алдынча чечим чыгарганга, максатты туура койгонго, план менен иш кылганга үйрөткөн жакындарына, устаттарына ыраазы.

Активист айым ишкерлик багытын өнүктүрүү максатында изденип жүрөт.

Биз андан кыргыз коомундагы аялдардын лидерлигине байланыштуу пикирин сурап, төмөнкүчө жооп алдык:

“Кыргыз коомунда аялдарга байланыштуу стереотиптер бар – кыз-келин үйдө отурушу керек, эркек менен теңелбеш керек, коомдук иштерге аралашпашы керек, - деген ойдогулар бар. Мындай пикирлер аялдардын укугун бузат. Мына ушундай ойлор туура эместигин далилдеш үчүн да кыз-келиндер жасаган ишинин майын чыгарат. Аялдар аралашкан иштер өнүмдүү болот. Келечекте Нарын жаштар ынтымагынын иштерин өркүндөтүү менен катар “Wunderkind” окуу борборунун филиалдарын башка аймактарга ачууну көздөп жатам”.

ЕБ менен БУУнун «Теңдик нуру» глобалдык демилгеси



Sep 10, 202104:15
Правовая грамотность. Инвалидность в мире

Правовая грамотность. Инвалидность в мире

Это заключительный, десятый эпизод из десяти подкаста «Основы правовой грамотности» для людей с инвалидностью.

ПРООН в Кыргызстане активно внедряет принцип “никого не оставим позади”.

Sep 08, 202112:51
Правовая грамотность. Позитивная дискриминация

Правовая грамотность. Позитивная дискриминация

Это девятый эпизод из десяти подкаста «Основы правовой грамотности» для людей с инвалидностью.

ПРООН в Кыргызстане активно внедряет принцип “никого не оставим позади”.

Sep 08, 202112:03
Правовая грамотность. Пенсии

Правовая грамотность. Пенсии

Это восьмой эпизод из десяти подкаста «Основы правовой грамотности» для людей с инвалидностью.

ПРООН в Кыргызстане активно внедряет принцип “никого не оставим позади”.

Sep 08, 202112:16
Правовая грамотность. Пособия

Правовая грамотность. Пособия

Это седьмой эпизод из десяти подкаста «Основы правовой грамотности» для людей с инвалидностью.

ПРООН в Кыргызстане активно внедряет принцип “никого не оставим позади”.

Sep 08, 202111:35
Правовая грамотность. Медико-социальная экспертиза (МСЭ)

Правовая грамотность. Медико-социальная экспертиза (МСЭ)

Это шестой эпизод из десяти подкаста «Основы правовой грамотности» для людей с инвалидностью.

ПРООН в Кыргызстане активно внедряет принцип “никого не оставим позади”.

Sep 08, 202112:39
Правовая грамотность. Социальное обслуживание людей с инвалидностью.

Правовая грамотность. Социальное обслуживание людей с инвалидностью.

Это пятый эпизод из десяти подкаста «Основы правовой грамотности» для людей с инвалидностью.

ПРООН в Кыргызстане активно внедряет принцип “никого не оставим позади”.

Sep 08, 202111:08